super.kg logo

Убактылуу кармоочу жайдагы таанышына тоок этине баңгизатын катып алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

 

Убактылуу кармоочу жайда отурган таанышына баңгизатты тоок этинин ичине катып алып кирүүгө аракет кылган үч жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

"5-июнь күнү болжол менен кечки саат 19:00 чамасында, Сокулук райондук РИИБинин кызматкерлери шектүү көрүнгөн Ауди 80 үлгүсүндөгү унааны текшеришкен.Тинтүүдө унаанын арткы орундугунан ичинде суюк заты бар медициналык шприц жана 4 граммдай кара-күрөң түстөгү зат табылган. Ошондой эле алар алып келген тамак-аштарды текшергенде тооктун этине катылган белгисиз заттар табылган. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгында табылган заттар баңгизат экени аныкталган. Унаанын ичиндеги 1959-жылы туулган Г.К., 1985-жылы туулган Ч.А., 1992-жылы туулган С.А. убактылуу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында отурган таанышына баңгизатын берүү үчүн келгени маалым болду.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-247-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: