super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз балбандары Каныбек Жолчубеков жана Урмат Аматов дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээлесе, Акжол Махмудов 9-орунга түшүп калды

 
Каныбек Жолчубеков
Урмат Аматов
Жоламан Шаршенбеков
Акжол Махмудов
Атабек Азисбеков

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз балбандар Каныбек Жолчубеков жана Урмат Аматов дүйнөлүк рейтингде өз салмак категорияларында 1-орунду ээлеп келе жатат. Аталган рейтинг Бириккен күрөш түрлөрүнүн эл аралык федерациясынын сайтында жайгашкан.

Анда 60 килограммга чейинки салмак ченинде 1-орунда Каныбек Жолчубеков жайгашкан. Ал рейтингдик мелдештерге катышып, жалпы 36 упай топтогон. 2018-жылы Жолчубеков алгач Иранда өткөн Тахти кубогунда алтын медаль тагынып, Азия чемпиондугунда коло медалдын ээси болуп жана жакында эле Венгрияда өткөн Гран-При мелдешинде алтын медалды тагынды.

63 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Урмат Аматов рейтингдик мелдештерге катышып, 30 упай менен бул салмак категорияда 1-орунду ээледи. Урмат Аматов "Тахти кубогунда" коло медаль тагынып, Азия чемпиондугунда финалдык бөлүккө чейин жеткен. Бирок, тилекке каршы, жеңилүү ызасын тартып, күмүш медалдын гана ээси болгон. Ошондой эле Аматов Венгрияда өткөн Гран-При мелдешинде коло медалды тагынды.

Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси Жоламан Шаршенбеков 55 килограммга чейинки салмак категорияда көрөшүп, 20 упай менен учурда 5-орунду ээлеп жатат. Азия чемпиондугунан кийин Жоламан Шаршенбеков эл аралык мелдештерге катыша элек.

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз капчыгына жалгыз алтын медаль алып келген Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 72 килограммга чейинки салмак ченинде 9-орунга төмөндөдү. Ал Азия биринчилигин жеңген соң дароо 2-орунга көтөрүлгөн болчу. Бул мелдештен кийин Акжол Махмудов рейтингдик мелдештерге азырынча катыша элек.

82 килограммга чейинки салмак категорияда күч сынашкан Атабек Азисбеков 20 упай топтоп дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи. Азисбеков Азия чемпиондугунда алтын медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Финалдык беттеште Атабек Азисбеков казакстандык балбанга 5:2 эсеби менен жеңишке жетсе, Кыргыз балбаны күмүш медалдын ээси болгон. Венгрияда өткөн Гран-При мелдешинде Атабек Азисбеков коло медалды тагынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
30.06.2018. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акжол Азия оюндарында курошот.Ийгилик каалайбыз!
30.06.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акжолду коро албайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: