super.kg logo

Ренат Самудинов АКШдан кайрылуу жасап, ал саясий коркутуулардан улам өлкөдөн чыгып кеткенин айтты

 

АКШдан саясий башпаанек сурап, жубайы менен чек арадан кармалган жарандык активист Ренат Самудинов 30-июнда социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады.

Кайрылууда алар миграциялык лагерде 8 ай жашап, ал жактагы соттон утуп чыкканын жана легалдуу түрдө Американын Чикаго шаарында жубайы экөө жашап жатканын айтты.

"Биз азыркы учурда АКШнын Чикаго шаарындабыз. Сиздердин "эмне себептен шашылыш түрдө Кыргыз жеринен чыгып кетти?" деген сурооңуздарга кыскача түшүндүрмө берейин деп чечтим. Мен 13 жылдан бери саясий майданда Кыргыз мамлекетинде демократияны өнүктүрүү максатында ар дайым өз салымымды кошуп келчүмүн. Ошондой эле менин келинчегим да ар кандай коррупциялык схемалардын жүзүн ачып, коомчулукта чуулгандуу репортаждарды жасап келген. Акыркы убакта биздин үй-бүлөгө карата коркутуу-үркүтүүлөр болуп жатты. Эң негизги коркутуу Фарид Ниязовдун жана Данияр Аттокуровдун тарабынан болду. Өзгөчө коркутуулар Фарид Ниязовдун телефон чалуусунан кийин күчөгөн. Бул коркутуулардын аягы менин келинчегиме кол салуу аракетине чейин жетти. Буга чейин мага да кол салуулар болгондо мен жеңил кабыл алгам. Бирок менин үй-бүлөмө акыркы кол салуу болгондон кийин өлкөдөн чыгып кетүүнү туура көрдүк. Негизи Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетүү оюма да келген эмес. Биз өлкөдөн чыкканда Мексика аркылуу АКШга келдик. Чек арадан АКШ мамлекетинен жардам сурадык. Миграциялык лагерде 8 ай жашадык. Ал жерде жүргөндө сот процесстери болуп, акыры биз утуп чыктык. Бүгүнкү күндө биз легалдуу түрдө АКШда жашап жатабыз. Бизге колдоо көрсөткөндөргө рахмат", - деди кайрылууда Ренат Самудинов.

Айта кетсек, буга чейин Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырованын Америкага кирүү үчүн визасы жок болгондуктан кармалганы маалым болгон. Белгилүү болгондой, кармалгандан кийин алар АКШдан саясий башпаанек сураган.

Учурда жарандык активист Ренат Самудиновдун кайрылуусу боюнча экинчи тарап менен байланышуу аракети болууда.


кошулду





Ренат Самудинов АКШдан кайрылуу жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.06.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аман болсонор болду алакандай кыргыз элим тентип журуп жок болуп кетбесин болду бийликтегилердин айынан
30.06.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Атамбаев кетсе келесинерда эми.
30.06.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Келбейт. Өзү башынан эле ошону максат кылып кеткен да :) Эптеп эле липовый угроза менен политическое убежищеге арыз берип. Мындай ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-30 23:53:53
02.07.2018. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уйронуп алгыла туугандар!Америкада жашап калуунун эн оной жолу политубежищеге тапшыруу,ал учун бир аттуу-баштуу инсанга тийишесин,ал реакция кылбаса кайра-кайра чукулайсын,акыры тигинин согуп-сагып коркутканына жетсен болду ошол жетиштуу,Американын жараны болуп каласын))) Озгочо жарандык активисттер менен журналисттер тез жетет максатына...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: