super.kg logo

Токтогулда 23 жаштагы жарандын унаасын коркутуу жолу менен тартып алып, 100 миң сом акча талап кылган 5 жаран кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жергиликтүү жарандан 100 миң сом акча талап кылып, унаасын тартып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБине арыз менен Токтогул районунун тургуну жабырлануучунун апасы арыз менен кайрылган. 17-май күнү 23 жаштагы Т.А.дан Токтогул шаарынын тургундары акча опузалап талап кылып, уулуна таандык болгон ВАЗ 2106 үлгүсүндөгү автоунаасын коркутуу жолу менен алып койгондугу жазылган.

"Жогоруда көрсөтүлгөн белгисиз адамдардын кыймыл-аракетине карата Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголду. Алгач кылмышка шектүүлөрдүн арасынан 20 күн мурда бирөө кармалып, калган 4 адам изин жашырып качып жүргөн. Кылмыштын бетин ачуу максатында, Жалал-Абад облусунун уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы жасаган ыкчам иш аракеттердин негизинде кылмышка шектүүлөр 28-июнь күнү толугу менен кармалды. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катарында ИИМдин каттоосунда турган, Токтогул шаарынын тургундары болгон. Алар 24, 23 жана 22 жаштагы балдар болгон. Алардын баш коргоо чарасы райондук сот тарабынан каралып, 2 айга камакка алынды. Учурда Токтогул РИИБинин тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө", - деди маалымат катчы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
30.06.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жондон жоон эле кантип эле тартып алсын. Апиристтик кылган жее карыыз.
30.06.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rysik79,кором мен сени, башына келгенде ушундай мушкул иш
30.06.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иштесе ишке тойбой турган немелер экенсинер, ойду омкоруп тоону томкорбойсунарбы, каракчылык кылбай.
30.06.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ынтымактын балдары!!!
30.06.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Башы жок булардын баш коргоо чарасы жок эле камаш керек. Огуздой кучу барда баштары менен жер казса дагы нан таап жейт элего.
30.06.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тортоону тен тааныйт экенмин,эх жердештер жакшынакай эле балдарсынар,зачем ушундай нерселерди кылып,бирок бул балдар школдо окуп жургондо эле бейбаш болчу.
30.06.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арам акчаларга конгон окшойсунар
01.07.2018. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аял башыбыз менен биз тытынып иштейбиз, эркек деп ким айтат силерди?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: