super.kg logo

Фарид Ниязов Ренат Самудиновдун кайрылуусундагы өз дарегине айтылган сынга жооп берди

 

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов Ренат Самудиновдун кайрылуусундагы өз дарегине айтылган сынга жооп берди.

Жообунда ал Самудиновдун коркутуу тууралуу сөздөрүн четке кагып, дайыма ага жардам берип келгенин айткан.

Ренат келечектүү партия мүчөлөрүнүн бири болгондуктан ага жардам гана берчүмүн. Мен андагы жөндөмдү баалап, аны партияда калтырууга тырыштым. Бирок ал айрым учурларда жагымсыз окуяларга аралашып, туура эмес багытта баратканы билинип калчу. Эгерде ушундай окуялар болбогондо Ренат 2015-жылкы шайлоодо партиянын тизмесинин алдыңкы ондугуна кирмек, бул тууралуу өзү да билет. Аны менен болгон сүйлөшүүлөрүмдүн баары ага жардам берүү максатында өтчү. Ал эми Данияр Аттокуров экөөнүн кадрдык жактан көз караштары карама-каршы эле. Мен аларга интригасыз, бет маңдай отуруп сүйлөшүүнү кеңеш бергем.

Ренаттын партиянын катарынан чыгарылышы КСДП президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөтүүдө, анын бул чечимге каршы иш жүргүзгөнү себеп болгон.

Анын "жашоомо коркунуч болду" деп качкын статусун алуу үчүн эмне деп айтканын өз абирийине койдум. Атамбаевдин учурунда мындай көрүнүштөр бир дагы жолу болгон эмес. Мен үчүн Самудинов менен жубайынын өлкөдөн чыгып кетиши өкүнүчтүү. Алар Кыргыз өлкөсүндө туруп да бир катар ийгиликке жетишмек”, - деп жооп берди.

Эске салсак, АКШдан саясий башпаанек сурап, жубайы менен чек арадан кармалган жарандык активист Ренат Самудинов 30-июнда социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасаган.

Кайрылууда ал өлкөдөн чыгып кетишине Фарид Ниязов жана Данияр Аттокуров тарабынан коркутуу себеп болгонун айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
30.06.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АКШ барып жашагынар келсе, жасалма саясий куугунтука айлансанар женил кетесинер.
30.06.2018. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары эле ак озу Кыргызстанда кара адам же пара албаган адам жок баары арты ачылып калганда саясий куугунтук деп эле чыга калат баарын ак экенсинер ким озу жегендер ким Квргызды 5млрд долларга карызга батыргандар ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-30 23:50:18
01.07.2018. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коркутуу болгон мезгилде эмне кайрылган эмесин, коргондун нары жагында чыгып алышып анан кайрылуу дебей
01.07.2018. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фарид дагы Кыргызга жакшылык кылатурган Адам эмес убагында ошол телефон чалуусу менен баарын бутургрон
01.07.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошонон ары жок болгону жакшы. ӨЗ жанын ала качкан адамдан түңүлө бергиле.
01.07.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул экөө тең Кыргыз эмес го
02.07.2018. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экс-президент А. Атамбаев пиар-технологдорунун көч башында ушул Фарид турат. Жалган маалымат таратуу, курулай каралоо менен гана чектелип жатат. Анан дагы бир топ эркин ММКларды сатып алганын кулагыбыз чалды, маалыматтык айдында курошот имиш, ким менен курошот билбейсин, ар ким оз оокаты менен болуп атканда эмне деп алаксытышар экен.
02.07.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фариддин кылбаган иши калган эмес турбайбы келесоо десе, Атамбаев ушул шумшукко кантип ишенди десен андай дегенин мн АШАсы да кем сокпойт да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: