super.kg logo
  Спорт  

Месси Аргентинаны чейрек финалга чыгара алган жок. Жалпы 7 гол кирген беттеште Франция жеңүүчү аталды

 

Бүгүн, 30-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда плей-офф баскычы старт алат. Анда "Казань Арена" стадионунда Франция-Аргентина беттеши орун алмакчы. Беттештин башкы калысы Алиреза Фагани (Иран) болот.

19:50. Франция курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Уго Льорис ("Тоттенхэм", Англия).
  • Коргоочулар: Лукас Эрнандес ("Атлетико", Испания), Бенжамен Павар ("Штутгарт", Германия), Самуэль Юмтити ("Барселона", Испания), Рафаэль Варан ("Реал Мадрид", Испания);
  • Жарым коргоочулар: Блез Матюиди ("Ювентус", Италия), Поль Погба ("Манчестер Юнайтед", Англия), Н'Голо Канте ("Челси", Англия).
  • Чабуулчулар: Оливье Жиру ("Челси", Англия), Антуан Гризманн ("Атлетико", Испания), Килиан Мбаппе ("ПСЖ").
  • Башкы машыктыруучу: Дидье Дешам (Франция).

19:53. Аргентина курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Франко Армани ("Ривер Плейт");
  • Коргоочулар: Николас Отаменди ("Манчестер Сити", Англия), Маркос Рохо ("Манчестер Юнайтед", Англия), Габриэль Меркадо ("Севилья", Испания), Николас Тальяфико ("Аякс", Голландия).
  • Жарым коргоочулар: Хавьер Маскерано ("Хэбэй Чайна Форчун", Кытай), Анхель Ди Мария(ПСЖ, Франция), Энцо Перес, Эвер Банега ("Севилья", Испания), Кристиан Павон ("Бока Хуниорс").
  • Чабуулчулар: Лионель Месси ("Барселона", Испания).
  • Башкы машыктыруучу: Хорхе Сампаоли (Аргентина).

19:53 Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Франциянын гимни, андан кийин Аргентинанын гимни жаңырат.

20:00. Калыс ышкырып, беттешке старт берди.

20:01. Беттештин башынан Франция курамасы топко ээлик кылып азырынча чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.

20:03. Аргентинанын оюнчусуна каршы эреже бузулду, айып соккуну Месси аткарат.

20:04. Мессинин узаткан соккусу таамай болгон жок, топ франциялыктарда.

20:07. Маскерано эреже бузуп франциялыктар кооптуу айып сокку аткармакчы.

20:08. Айып соккуну Погба аткарып, бир топ таамай болбой калды.

20:11. Аргентиналык коргоочулар Мбаппеге каршы эреже бузуп, калыс пенальти койду.

20:12. Пенальтини Гризманн аткарат.

20:13. Го-о-о-л! Гризманн пенальтини мыкты аткарып эсеп санын ачты. Франко Арманиге тосуп алууга мүмкүнчүлүк калтырган жок.

20:16. Ди Мария чабуулга чыгып, командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.

20:18. Аргентинанын айып аянтчасынан айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк берди.

20:19. Айып соккуну Месси аткарып, таамай болбой калды.

20:23. Акыркы мүнөттөрдө Аргентина курамасы чабуулга чыгып, бирок анысы ийгиликтүү болбой жатат.

20:34. Оливье Жиру оюн талаасында жатат, ал медициналык жардамга муктаж болууда.

20:37. Аргентинанын уламдан улам жасаган чабуулдары ийгиликсиз болуп жатат.

20:38. Учурда франциялыктар топко ээлик кылып, тез чабуулга чыкканга аракет кылууда.

20:39. Павон оң канаттан айып аянтчага кирип келип, өнөктөшүнө жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берген. Бирок өнөктөшү жеткен жок.

20:40. Го-о-о-л! Ди Мария алыскы аралыктан сокку узатып таамай болду. Льорис топту тосконго жетишпей калды.

20:42. Маскерано атаандашына каршы орой оюн көрсөтүп, сары айып кагазын алды.

20:44. Погба чабуулга чыгып, Ди Мария менен топ талашта оюн эрежесин бузду.

20:45. 1-таймдын негизги убактысы аягына жетип, калыс 2 мүнөт кошту.

20:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аягына чыкты.

21:03. Беттештин 2-бөлүгү старт алды. Алгачкы мүнөттөрдөн Аргентина курамасында алмаштыруу орун алды. Федерико Фасио Маркос Рохонун ордуна чыкты.

21:04. Павар эреже бузуп, Аргентина айып сокку аткарат.

21:05. Го-о-о-о-л! Мессинин соккусунан кийин Меркадо топтун багытын алмаштырып, топ дарбазага кирди. Эсеп 1:2

21:07. Банега оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазы менен айырмаланды.

21:09. Франция айып соккуну аткарып, ийгиликтүү боло алган жок.

21:13. Антуан Гризманн мыкты мүмкүнчүлүктү колдоно албай калды. Жирунун айып аянтчага чыгарган тобуна Гризманн жептей калып, сокку узатканга жетишпей калды.

21:15. Го-о-о-о-л! Павар айып аянтчанын сыртынан кубаттуу сокку узатып айырмалана алды. Эсепти 2:2 кылды.

21:17. Ди Мария сол канаттан айып аянтчага кирип келүү аракетин көрүп, ийгиликтүү болгон жок.

21:18. Матьюди атаандашына каршы орой ойноп, оюн эрежесин бузду.

21:20. Го-о-о-о-л! Мбаппе айып аянтчанын ичинен таамай жана кубаттуу сокку менен эсеп санын өзгөрттү. Эсеп 3:2.

21:22. Мессиге каршы эреже бузулуп, аргентиналыктар айып сокку аткарат.

21:23. Мессинин узаткан айып соккусу таамай болбой калды. Топко франциялык коргоочулар ээлик кылып кетти.

21:24. Аргентина курамасында алмаштыруу. Серхио Агуэро Энцо Перестин ордуна чыкты.

21:25. Го-о-о-о-л! Мбаппе эсепти 4:2 кылды. Жирунун чыгаруусунан кийин Мбаппе сокку узатып, Армани тосуп алууга үлгүргөн жок.

21:27. Жиру контр-чабуулга чыгып, сокку узатканга жетишти. Бирок айын соккусу таамай болгон жок.

21:28. Блез Матюиди оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазын алды.

21:30. Бенжамин Павар сары айып кагазын алды.

21:32. Аргентина курамасында алмаштыруу. Кристиан Павондун ордуна Максимилиано Меса оюн талаасына чыкты.

21:33. Франция курамасында дагы алмаштыруу орун алды. Корентен Толиссо чыгып Блез Матюиди оюн талаасынан кетти.

21:35. Гризманн айып аянтчага көтөрүлгөн топко жетпей калды. Топто алгач Армани болду.

21:36. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Аргентина - 58 пайыз, Франция - 42 пайыз.

21:38. Месси коргоочулардын көзөмөлүнөн бошотулуп, сокку узатканга жетишти. Бирок топ дароо Льористин колуна туш келди.

21:40. Азыркы маалда Аргентина топко көбүрөөк ээлик кылып, коргоочулардан өтүү аракетин көрүүдө.

21:41. Дидье Дишам оюнчуларын алмаштырды. Антуан Гризманндын ордуна Набил Фекир чыкты.

21:42. Лионель Месси Франциянын дарбазасында кооптуу абал жаратты. Месси коргоочуларды алдап өтүп, сокку узатты. Бирок сокку кубаттуу болбой, дарбазачы тосуп алды.

21:43. Серхио Агуэро айып аянтчадан топту кабыл алып, дароо сокку узатты. Бирок топ коргоочуларга тийип калды.

21:45. Франция курамасында 3-алмаштыруу орун алды. 2 голдун ээси Килиан Мбаппенин ордуна Флориан Товен талаа үстүнө чыкты.

21:48. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 4 мүнөт кошуп берди.

21:49. Го-о-о-о-л! Агуэро Мессинин чыгарып берүүсүн мыкты жыйынтыктап, эсеп санын 4:3 кылды.

21:50. Николас Отаменди жана Оливье Жиру сары айып кагаздары менен белгиленди.

21:52. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш соңуна жетти. Франция курамасы 4:3 эсеби жеңишке жетти.

21:53. Бул жеңиш менен Франция курамасы чейрек финалга чыкты. Анда франциялыктар Уругвай жана Португалия беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.


кошулду





Франция-Аргентина

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(28)
30.06.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
1:0 менен Аргентина утулуп атааааааат
30.06.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Snejana,Аргентинанын голу бар экенго
30.06.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аргентина мындай ойносо көпкө барбайт го десем 20 минус басышкан. Бүгүн канча минус чогултат экенмин
30.06.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Франция алга
30.06.2018. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Француздар 1-0 сохранить этип турушса болмок, пропустили жинге тийишип
30.06.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aргентинаааа 2-1 ((((
30.06.2018. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Франция алга
30.06.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2-2 күчтүүсү утсун
30.06.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2 2 болду
30.06.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Француздар молодцы держитесь
30.06.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой ой ой ооооой
30.06.2018. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Олду Аргентина олду
30.06.2018. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иш бутту Аргентина домой
30.06.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аргентина прощай
30.06.2018. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Домой пара бай бай пока аргентина
30.06.2018. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Очень жаль. Это игра.
30.06.2018. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ото кучтуу ойноду эки команда тен
30.06.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Францияны чейрек финалга жиберип коюпсунар го
30.06.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Франция молодец,Месси колуна желек.....
30.06.2018. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ото кооз оюн болду... 2 олко тен жакшы оюн корсотту...

Аргентинанын женууго шансы бар болчу, бирок ошого ылайык оюн корсото алышпады...

Албетте, Аргентинанын тренери начар экен... Анан оюнчуларында мотивация жетишсиз. Айрыкча Мессиде...
30.06.2018. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы оюн болду. Достойный утулду. Защита начар экен. Аргентина утат го дедим эле эх.
30.06.2018. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Месси конулдонбой эле коруучу болуп журду го
30.06.2018. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аргентина уйуно кеттиби ен сонун))
Португалия:Уругвай беттеши кызык болот эми
30.06.2018. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зор эле болду бул жагы. кучтуулор алдыга чыгыша берсин
01.07.2018. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Антуан Гризманн#11111+++
01.07.2018. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Месси судиябы?
01.07.2018. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мбаппе деген суарестен өткөн артиситко симулянт
01.07.2018. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Месси да Роналду да учту ойунда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: