super.kg logo
  Спорт  

Роналду Мессинин артынан үйүнө кетти. Кавани Уругвайды чейрек финалга сүйрөп чыкты

 

1-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычындагы беттештер уланат. Анда Сочи шаарынын "Фишт" стадионунда Уругвай-Португалия беттеши орун алат. Беттешин башкы калысы Сесар Рамос Паласуэлос (Мексика) болмокчу. Айта кетсек, плей-офф баскычынын алгачкы беттешинде Франция курамасы Аргентинаны утуп, чейрек финалдык баскычка өтүп кетти.

23:40. Уругвай курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Фернандо Муслера ("Галатасарай", Түркия).
  • Коргоочулар: Диего Годин, Хосе Мария Хименес ("Атлетико", Испания), Мартин Касерес ("Лацио", Италия).
  • Жарым коргоочулар: Родриго Бентанкур ("Ювентус", Италия), Лукас Торрейра("Сампдория", Италия), Найтан Нандес ("Бока Хуниорс", Аргентина), Матиас Весино ("Интер", Италия), Диего Лаксальт ("Женоа", Италия).
  • Чабуулчулар: Эдинсон Кавани (ПСЖ, Франция), Луис Суарес ("Барселона", Испания).
  • Башкы машыктыруучу: Оскар Табарес (Уругвай).

23:42. Португалия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Руй Патрисиу ("Спортинг" Португалия).
  • Коргоочулар: Пепе ("Бешикташ" Түркия), Рафаэл Геррейру ("Боруссия" Дортмунд), Жозе Фонте ("Далянь Ифан" Кытай), Рикарду Перейра ("Порту" Португалия);
  • Жарым коргоочулар: Виллиам Карвалью ("Спортинг", Португалия), Жуан Мариу ("Вест Хэм Юнайтед", Англия), Адриен Силва ("Лестер Сити", Англия).
  • Чабуулчулар: Криштиану Роналду ("Реал Мадрид", Испания), Гонсалу Гедеш ("Валенсия" Испания), Бернарду Силва ("Манчестер Сити" Англия).
  • Башкы машыктыруучу: Фернанду Сантуш (Португалия).

23:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Уругвайдын гимни жаңырды.

23:57. Португалиянын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.

00:00. Калыс беттешке старт берди. Топту алгач Португалия курамасы оюнга кошту.

00:01. Алгачкы мүнөттө эле Кавани эреже бузганга үлгүрдү. Топ португалиялыктарда.

00:02. Бернарду Силва айып аянтчага чыгарылган топту дарбазага багыттоо аракетин көрдү. Бирок таамай боло алган жок.

00:03. Нандес оң канаттан чабуулга чыгып, айып аянтчага топту чыгаруу аракетин көргөн, бирок коргоочу топту тосуп талаадан сыртка чыгарды. Уругвайлыктар топту бурчтан чыгарат.

00:04. Лукас Торрейра топту бурчтан чыгарган, бирок анын өнөктөштөрү топко жеткен жок.

00:05. Криштиану Роналду айып аянтчанын сыртынан алгачкы кубаттуу соккусун аткарды. Таамай барган топту дарбазачы тосуп алууга жетишти.

00:06. Го-о-о-о-о-л!!! Эсеп 1:0. Эдинсон Кавани эсеп санын ачты. Ал айып аянтчага чыгарылган топту 5 метр аралыктан дарбазага багыттап, гол киргизгенге үлгүрдү.

00:08. Португалия топту оюнга кошуп, алгачкы чабуулу менен Гонсалу Гедеш офсайд абалында болуп калды.

00:10. Португалиялыктар топту бурчтан чыгарып, бул стандарттык абалды ийгиликтүү аткара алган жок.

00:12. Роналду сол канаттан чабуулга чыгып, айып аянтчанын сыртынан сокку узатты. Топ коргоочуларга тийип калды.

00:13. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Португалия - 65 пайыз, Уругвай - 35 пайыз.

00:14. Луис Суарес позициялык чабуулду улантып, айып аянтчага кирип сокку узатты. Топ коргоочуга тийип талаадан сыртка чыгып кетти. Уругвайлыктар топту бурчтан чыгарып, ийгиликтүү боло алган жок.

00:15. Учурда португалиялыктар чабуулга чыгып, азырынча кооптуу абалдарды жарата элек.

00:16. Гонсалу Гедештин оң канаттан айып аянтчага чыгарылган тобун Муслера тосуп алды.

00:18. Талаанын орто бөлүгүндө чабуулга чыгып бара жаткан Суареске каршы оюн эрежеси бузулду.

00:20. Кайрадан Суареске каршы эреже бузулду. Уругвайлыктар айып аянтчага жакын жерден айып соккуну аткарышат.

00:21. Айып соккуну Суарес аткарды. Ал дарбазанын төмөнкү оң бурчуна таамай соккуну багыттаса, дарбазачы аны тосуп алууга жетишти. Уругвай чабуулун улантат.

00:23. Португалия уругвайлыктардын ийгиликсиз чабуулунан соң топко ээ болуп, позициялык чабуулга чыгууда.

00:24. Диего Годин атаандашына карата оюн эрежесин бузду. Португалия стандарттык абалды аткарат.

00:25. Португалиялык футболчулар айып сокку менен колдоно алган жок.

00:26. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Португалия - 60 пайыз, Уругвай - 40 пайыз.

00:27. Соккулар боюнча статистика: Португалия - 6, Уругвай - 4.

00:29. Португалиянын чабуулу оң канаттан уланып, топ Криштиану Роналдуга жеткен. Ал 1 коргоочуну алдап өткөнү менен, 2-оюнчуну алдап өткөнгө үлгүрбөй калды.

00:30. Родриго Бентанкур эреже бузуп, португалиялыктар кооптуу жерден айып сокку аткарат.

00:31. Айып соккуну Криштиану Роналду аткарып, тилекке каршы, узаткан соккусу таамай болбой калды. Топ уругвайлыктарга кайтып келди.

00:32. Португалиялыктардын кезектеги чабуулу кайрадан жыйынтыксыз болууда.

00:35. Каваниге каршы орой түрдө оюн эрежеси бузулду. Калыс эреже бузууну каттаганы менен, айып кагазын алып чыккан жок.

00:40. Карвалього каршы оюн эрежеси бузулду. Португалиялыктар топту стандарттык абалдан оюнга кошот.

00:43. Луис Суарес жеңил жаракат алып, медициналык жардам алууда.

00:45. 1-таймдын негизги убактысы аяктап, калыс 2 мүнөт кошуп берди.

00:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.

01:03. Сесар Рамос Паласуэлос 2-таймга старт берди. Тыныгуудан кийин командаларда алмаштыруу орун алган жок.

01:04. Алгачкы мүнөттөрдөн Уругвай курамасы атаандашын кысымга алып, азырынча чабуулга чыгарбай жатат.

01:06. Уругвай топко ээ болуп, позициялык чабуулун аткарууда.

01:07. Суарес топту жоготуп, атаандашына каршы эреже бузганга үлгүрдү. Топ португалиялыктардын карамагына өттү.

01:09. Бернарду Сильва өнөктөшү менен оң канаттан чабуулга чыгып, топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.

01:10. Бернарду Силва топту бурчтан чыгарып, бирок айып аянтчадан өнөктөштөрүн таба алган жок. Топту уругвайлык коргоочулар дарбазадан алыс чыгарып салышты.

01:13. Го-о-о-о-о-л! Эсеп 1:1. Пепе бурчтан чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттап эсепти өзгөрттү. Фернандо Муслера топту тосконго жетишпей калды.

01:15. Диего Лаксальтка каршы орой түрдө эреже бузулду. Калыс эреже бузууну каттаганы менен, айып кагазын көрсөткөн жок.

01:17. Португалиялыктар топко ээ болуп чабуулдарды аткарууда. Бирок алар азырынча ийгиликтүү болбой жатат.

01:18. Гонсалу Гедештин соккусунан кийин топ уругвайлык коргоочуларга тийип, оюн талаасынан чыгып кетти. Португалиялыктар топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.

01:20. Го-о-о-о-л! Эсеп 2:1. Эдинсон Кавани 2-голун киргизди. Ал айып аянтчанын сыртынан өнөктөшүнүн чыгарып берүүсүн кабыл алып, дароо узаткан соккусу менен өзүнүн жана кураманын эсеп санына 2-голун жаза алды.

01:21. Уругвай курамасында алмаштыруу орун алды. Родриго Бентанкурдун ордуна оюнга Кристиан Родригес кошулду.

01:23. Португалиялык машыктыруучу дагы курамасына өзгөртүү киргизди. Адриен Силванын ордуна оюн талаасына Рикарду Куарежма чыкты.

01:25. Куарежма оюнга кошулуп, дароо кооптуу абал түзгөнгө жетишти. Ал оң канаттан чабуулга чыгып, сокку узатты, топ коргоочуларга тийип оюн талаасынан чыгып кетти. Португалиялыктар топту бурчтан чыгарышат.

01:26. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Португалия - 61 пайыз, Уругвай - 39 пайыз.

01:28. Геррейронун айып аянтчага чыгарылан тобун Муслера алгачкы аракети менен тосо албай топту коё берип жиберди. Сильва дароо сокку узатып, таамай болбой калды.

01:29. 2 голдун ээси Эдинсон Кавани жаракат алып, оюнду уланта албай калды. Азырынча уругвайлыктар 10 оюнчу менен беттешти улантмакчы.

01:32. Эми гана топ оюн талаасынан чыгып, алмаштыруу орун алды. Стуани Каванинин ордуна оюнга кошулду.

01:33. Португалия курамасында алмаштыруу орун алды. Андре Силва Гонсалу Гедешти алмаштырды.

01:34. Рикарду Куарежма командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди. Аны Куарежма өзү аткарат.

01:35. Куарежманын чыгарып берүүсүнө алгач уругвайлык коргоочулар жетип, топту айып аянтчадан чыгарышты. Рафаэль Геррейро айып аянтчанын сыртынан топту алып дароо сокку узатты. Бирок ал таамай болгон жок.

01:36. Криштиану Роналдунун соккусун кайрадан коргоочулар тосуп алды. Роналдунун аракеттери азырынча ийгиликтүү болбой жатат.

01:38. Уругвай курамасында алмаштыруу орун алды. Наитан Нандес оюн талаасынан кетсе, Карлос Санчес оюнга кошулду.

01:41. Португалиянын чабуулдары беттештин аягына жакындаган сайын кооптуу болууда. Бирок азырынча жыйынтык жок.

01:43. Португалия оюнчусун алмаштырды. Мануэль Фернандеш Жуан Мариунун ордуна оюнга кошулду.

01:44. Соккулар боюнча статистика: Португалия - 16, Уругвай - 6.

01:45. Мануэль Фернандеш алыскы аралыктан сокку узатып таамай болгон жок. Топ дарбазадан бир топ жогору өттү.

01:48. Криштиану Роналду алыстан сокку узатып, таамай болгон жок.

01:49. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 4 мүнөт кошуп берди.

01:51. Кристиан Родригес жакшы мүмкүнчүлүктү колдоно албай калды. Суарес айып аянтчага чыгаруу жасап, Родригес топко жетип сокку узатканга жетишпей калды.

01:53. Криштиану Роналду калыс менен айтышканы үчүн сары айып кагазы менен белгиленди.

01:54. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш аяктады. Уругвай курамасы 2:1 эсеби менен жеңишке жетти.

01:55. Бул жеңиш менен Уругвай курамасы чейрек финалга өтүп, анда Франция курамасы менен беттешет. Ал эми Криштиану Роналду командасын сактай албай, Мессинин артынан мелдештен четтеди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(60)
01.07.2018. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
XXXX болду Португалия иди дамой
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-01 12:02:40
01.07.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
FCB14,Аргентинан не болду
01.07.2018. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
уругвайдын мындай оюну француздарга отпойт го
01.07.2018. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ronaldo baarysynan kuchtuu oinoit, jon gana anyn komandasy slabyi bolup kaldy
Dilzat1631 түзөттү 2018-07-01 02:03:27
01.07.2018. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Dilzat1631,кызыл карточка сага))))
01.07.2018. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pochtalyonin, albaim
01.07.2018. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Роналдо дамой
01.07.2018. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Месси ранолду уйуну кайтышьы кап порту га жан тартым эле уругвай катык ойун коргозду.кавани тарзан.
01.07.2018. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Altynbek-kg, каяктан болосун э
01.07.2018. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
kiiinki oiunda Fransia Urugbaidy utatko buiursa
01.07.2018. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Dilzat1631,анан францияны бразилия утат
01.07.2018. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pochtalyonin,oshentebi
01.07.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pochtalyonin,Хехе Франция чемпион болот!
01.07.2018. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окунучтуу канчалаган куйормандарын сенден женишти кутуп жатышты эле.
Кош бол порту аман эсен жетип алгыла бизден салам айта баргыла
01.07.2018. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ronaldo baaribir chempion
01.07.2018. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
minus bassanar basa bergile
01.07.2018. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менимче финал франция испания болчудай эки жактан ушул эки команда кучтуроок кылат экен франция эгер полфиналга чейин келсе бразилия мн ойноп калат эгер бразилия женсе
01.07.2018. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ronaldo baaribir chemipion,duinodogu en mykty fudbolist
01.07.2018. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Уругвайга куйорман болом эми
01.07.2018. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уругвай кучтуу экен чынында, Роналдуга жалко
01.07.2018. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kim kimdi utat bilbedimgo, birok Ronaldo en mykty
01.07.2018. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ronaldo ketti emi fudbol korushtu toktotom
01.07.2018. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кавани Суарес жакшы ойношту
Аргентина супер бираз кана уакыт жеткен жок
01.07.2018. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Роналдуну ким көрдү ал өзү ойнодубу, же заменде отурдубу?
01.07.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
make2,saga okshogon kor futbolldu tushunbogon bir futbollchudan bashkany tanybagan adamdar korboitda
01.07.2018. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уругвай уттууу
01.07.2018. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки жыл мурун Португалия Франциянын кысымында кандай ойносо бүгүн да Уругвай Португалиянын кысымында ошондой ойноду.Франция Уругвайды жөн эле утат бул жүрүш Франция-Бразилия Англия-Испания жарым финал.
01.07.2018. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Португалия позор болду, өздөрүнө кошуп ажылдаган фанаттарында жер каратып позор кылды))).
01.07.2018. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Финалда Бельгия менен Испания болот менимче
01.07.2018. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Болду э футбол жонундо айтпагыла, Роналду женсе дедим эле эми футбол кызыксыз.
01.07.2018. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Уйуно барып жат Ронолдо пазор
01.07.2018. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мессиден нен кем жат дем алда раналдо
01.07.2018. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Марселлону колдойм буюрса Бразилия чемпион болот.
01.07.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Франция чыгат деген умуттомун
01.07.2018. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кучтуу командалар кала берсин. бирок уругвайда деле шанс жок коросунор го
01.07.2018. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Четкий матч болду эми Уругвай Францияны жене албайт гоо... финалда Франция менен Испания же Бельгия ойнойт деп ойлойм.
01.07.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роналду XXXX шанс жок еми.Сыйы мн еле кетип калсын.Неймар Мбаппе Месси булар кучтуу оюунчулар
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-01 11:58:12
01.07.2018. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суарес футбол ойнобой эле актёр болсо болмок экен таланты бар экен индийский кинолорго тартылса укмуш атагы чыгып кетсе керек эле Индиянын актёрлору артта эле калмак
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: