Астротөлгө: 2-июль күнү төрөлгөндөрдүн жашоо нугу өнөктөшүнөн көз каранды болобу?
2-июль күнү төрөлгөндөр эмоционалдуу болушат. Бирок өз көйгөйү үчүн башкалардын кыйналышын, санаа тартып түндө уктабай чыгуусун каалабайт. Ошондуктан сезимдерин керек учурда эң мыкты жашыра алышат.
Бул күнү жарыкка келгендердин жашоо нугу өнөктөшүнөн көз каранды болот. Өмүрлүк жары колдоо көрсөтүп алга сүйрөсө, ийгиликтерди багынтат. Бирок өнөктөшү анын өтө сезимтал, берешен, ошол эле учурда таарынчаак экенин эстен чыгарбоого тийиш. Алардын жүрөгүнө жол табуучу чыдамкай болуп, турмуштун ак-карасын түшүнүүсү маанилүү.
Бүгүн төрөлгөндөр эмоционалдуу келишкени менен үй-бүлө курган учурда куру кыялдарынан арылып, жакындарына ишеничтүү жөлөк болуп чыга келет.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.