Ошто турак үйдөн өрт чыгып, жанаша жайгашкан эс алуучу жайдын чатырын күйгүзүп кеткен
Ош шаарында турак үйдүн чатырынан өрт чыгып, жанаша жайгашкан эч алуучу жайдын чатыры да күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 29-июнда Ош шаарынын Достук кичи районундагы 44-көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан.
"Өрттүн кесепетинен жалпы 550 метр чарчы болгон кафенин чатыры күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор жок. Өрт саат 04:57де чектөөгө алынып, саат 06:41де толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
toolos1982

01.07.2018. 13:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автор эч болуп калыптыр эс алуучу дегенинер
Petrovka

01.07.2018. 13:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ дордойдо да кечинде пожар болуптур го Восток деген базарында оптовый рынок эле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.