super.kg logo

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Кытай өлкө башчысы Си Цзиньпинден жардам сурады

 

Ким Чен Ын Си Цзиньпинден Түндүк Кореяга салынган санкцияларды жоюуга көмөктөшүүсүн суранды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кытай дипломаттарынын маалыматтарына таянып жазып чыгышты.

Ким Чен Ын июнь айында Кытайга болгон иш сапарынын алкагында экономикалык санкциялар өз өлкөсүнө оор зыян келтирип жатканын айтып, салынган санкциялардан арылууга көмөктөшүү үчүн Кытай өлкө башчысынан жардам сураган”, - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле аталган макаланын автору Ким Чен Ындын өз өлкөсүнө жасалган санкциялардын жоюлуусу үчүн баарына даяр экенин жазган.

Эске салсак, 19-июнда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайга үчүнчү жолу келген. Ал эки күндүк сапарында Си Цзиньпин менен жолугуп эки тараптуу карым-катыш абалды талкуулаган. Бул анын 4 ай ичинде Кытайга жасаган үчүнчү сапары болчу. Алгачкы бей расмий жолугушуусу 25-28-март күндөрү болгон. Бул Түндүк Корея лидеринин 2011-жылы бийликке келгенден бери биринчи жолу чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары. Андан соң 7-8 май күндөрү Кытайдын Далянь шаарында Си Цзиньпин менен Ким Чен Ын экинчи жолу жолугушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.07.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Админ, мамлекеттердин аталыштарын чон тамга менен жазсанар. Силер бир социалдык тармак эмессинер, бутундой бир массалалык маалымат каражатысынар. Силерден биз, интернет колдонуучулар улгу алып, уйронушубуз керек го.
01.07.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул анын 4 ай ичинде Кытайга жасаган үчүнчү сапары болчу. Алгачкы бей расмий жолугушуусу 25-28-март күндөрү болгон. Бул Түндүк
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/236985/ Бей расмий жолугушуусу???? Кандай түшүнсө болот?
Aima94 түзөттү 2018-07-01 18:25:51
01.07.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aima94, бей расмий-расмий эмес
01.07.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aima94,Саламатсызбы! Кайсы бир өлкөнүн башчысы башка бир өлкөнүн башчысы менен жолуга турган болсо алдын ала эки тараптан жолугушуу күн белгиленет да ал коомчулукка маалымдалат. Муну расмий жолугушуу деп коёт. Ал эми эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу коомчулукка жарыяланбай эле өтсө, аны эки өлкөнүн эли да билбесе бул бей расмий жолугушуу деп аталат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: