super.kg logo

Кеминде жол кырсыгы катталып, 21 жаштагы келин жана 1 жашар кызы каза тапты. Унаанын айдоочусу тойдон келе жатып уктап кеткени айтылууда

 

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, жаш келин бир жаштагы кызы менен каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 1-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Кемин районунда катталган.

"Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун, тактап айтканда, Кемин районунда Toyota Avensis унаасы менен келе жаткан 60 жаштагы А.А. аттуу айдоочу жолдун каршы тилекесине чыгып кетип, Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкери айдап келе жаткан BMW-525 унаасын сүзгөн. Машинанын ичинде аталган кызматтын дагы бир автоинспектору болгон. Кырсыктан Toyota Avensis унаасында кетип бара жаткан 21 жаштагы келин менен бир жашар кызы каза тапкан. Алардан сырткары, айдоочу жана дагы эки жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген".

"BMW-525 унаасынын айдоочусу жана анын жанындагы автоинспектор Боом капчыгайында иштеп, кайтып келе жаткан. Рулду башкарып бара жаткан кызматкер оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшүп, жанындагысы жаракат алган. Ал эми Toyota Avensis унаасынын айдоочусу үйлөнүү тойдон келе жатып, уктап кеткен. Бул жол кырсыгы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкармалыктан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды", - деп билдирди аталган башкармалык.





кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
01.07.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай озун сакта
Ажалы авариядан экен да
Жаткан жери жайлуу болсун
Жапжаш омурлор кыйылып кете бериптир
01.07.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ар бир 50км сайын тыныгуу учун Эсалуучу жайларды ачкыла! Кореяда ошондой экен!
02.07.2018. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
pyeon hwa,эс алуучу жай ачсанда токтошпойт баарибир уйго эртерээк баралы деп.
01.07.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
МАИ кызматкелери карама каршы тилкеге дайым эле айдашат жолдун кожоюунубуз дегенсишип.Иликтеп текшерседа гражданский адамдар куноолу болушат.Уктап кеткен тойдон келе жаткан деп бир тараптуу кунолуу болуп калыптыр.
01.07.2018. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Miroslav,Туура айтасыз, азыркы заманда оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун болуп калды
02.07.2018. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу журналисттер, каза тапты эмес, каза болду же каза болгон деп жазсаңыздар.
02.07.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кундон кунго кырсыкдар кобойудо
02.07.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тойдон жон келбеген окшойт да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: