Акинфеевдин дарбазаны мыкты коргогону Орусияны чейрек финалга алып чыкты

















1-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычындагы беттештер уланат. Анда Москва шаарынын "Лужники" стадионунда Испания-Орусия беттеши орун алат. Беттештин башкы калысы Бьорн Кейперс (Голландия) болмокчу. Айта кетсек, жарым чейрек финалга Франция жана Уругвай курамалары өттү.
19:48. Испания курамасынын тизмеси:
- Дарбазачы: Давид де Хеа ("Манчестер Юнайтед" Англия).
- Коргоочулар: Жерар Пике, Жорди Альба ("Барселона" Испания), Серхио Рамос, Начо Фернандес, ("Реал Мадрид" Испания).
- Жарым коргоочулар: Серхио Бускетс ("Барселона" Испания), Иско, Марко Ассенсио ("Реал Мадрид" Испания), Коке ("Атлетико Мадрид" Испания), Давид Сильва ("Манчестер Сити" Англия).
- Чабуулчулар: Диего Коста ("Атлетико" Испания);
- Башкы машыктыруучу: Фернандо Йерро (Испания).
19:51. Орусия курамасынын тизмеси:
- Дарбазачы: Игорь Акинфеев ("ЦСКА", Москва).
- Коргоочулар: Федор Кудряшов ("Рубин", Казань), Марио Фернандес, Сергей Игнашевич ("ЦСКА", Москва), Илья Кутепов ("Спартак", Москва).
- Жарым коргоочулар: Александр Головин ("ЦСКА", Москва), Александр Самедов, Роман Зобнин ("Спартак", Москва), Юрий Жирков, Далер Кузяев ("Зенит", Санкт-Петербург),
- Чабуулчулар: Артем Дзюба ("Арсенал", Тула).
- Башкы машыктыруучу: Станислав Черчесов (Орусия).
19:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Испаниянын гимни жаңырды.
19:56. Орусиянын гимни "Лужники" стадионунда жаңырды. Командалар беттешти баштоого даяр.
19:57. Бул беттеште Игорь Смольников оюн талаасына чыкпайт, анткени тайпалык баскычта кызыл айып кагазын алган.
20:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Испания курамасы топту оюнга кошту.
20:01. Алгачкы мүнөттө испаниялыктар чабуулга чыгып, Серхио Рамос айып аянтчага чыгарып берүү жасаган, бирок топто алгач орусиялыктар болду.
20:02. Жорди Альба жалгыз чабуулга чыгып, топту тарттырып жибергенге үлгүрдү.
20:03. Александр Головин командасына бурчтан чыгарып берүү мүмкүнчүлүгүн алып келди. Аны Самедов аткарып, айып аянтчадан өнөктөштөрүн тапкан жок.
20:04. Юрий Жирков алыстан сокку узатып, таамай болгон жок.
20:05. Испаниялыктар төмөнкү ылдамдык менен чабуулга чыгып, азырынча атаандашынын айып аянтчасына кирип баруу аракетин көрүүдө.
20:06. Орусиялык футболчулар топту тартып алып, дароо контр-чабуулга чыкты. Дзюба талаанын орто бөлүгүнөн чабуулга чыгып, топту алдырып жиберди.
20:07. Самедов талаанын орто бөлүгүндө эреже бузуп, топту испаниялыктар алды.
20:10. Го-о-о-о-л! Испания курамасы алдыга чыкты. Айып аянтчага көтөрүлгөн топту, Игнашевич өз дарбазасына киргизип алды.
20:12. Орусия дароо чабуулга чыккан, бирок Артем Дзюба офсайд абалында болуп калды.
20:13. Роман Зобнин алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло алган жок. Топ дарбазадан жогору өттү.
20:15. Топ испаниялыктарда, алар азырынча атаандашынын коргоо бөлүгүнө өтүүгө аракет кылып жатат.
20:17. Топко Испания курамасы 75 пайыз көзөмөл кылууда.
20:21. Серхио Рамос оюн эрежесин бузуп, Орусия курамасы кооптуу жерден айып сокку аткарат.
20:22. Самедовдун айып аянтчага көтөрүп берген тобуна алгач коргоочулар жетип, топту айып аянтчадан чыгарып салышты.
20:24. Жорди Альба Исконун чыгарып берүүсүнө жетпей калып, жакшы мүмкүнчүлүгүн колдоно албай калды.
20:27. Испан футболчулары атаандашын кысымга алып, атаандашынын дарбазасына жакындап барууда.
20:38. Пике айып аянтчанын ичинде колу менен ойноп, Орусия пенальти аткарат. Жерар Пике айып кагаз менен белгиленди.
20:39. Пенальтини Артем Дзюба аткарат.
20:40. Го-о-о-о-о-л! Эсеп 1:1. Артем Дзюба таамай болуп, Де Хеага тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.
20:42. Самедов оюн эрежесин бузду, испаниялыктар чабуулун улантат.
20:44. Иско айып аянтчанын жанынан топту кабыл алып, 1 коргоочунун алдап кубаттуу сокку узатты. Бирок ал таамай болгон жок.
20:45. 1-тайм аягына жетип, калыс 2 мүнөт кошуп берди.
20:46. Диего Коста Акинфеев менен бетме-бет кез келип, сокку узатты. Бирок Акинфеев командасын сактап калды.
20:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып, командалар тыныгууга кетти.
21:03. Башкы калыс 2-таймга старт берди. Топту бул ирет орусиялык футболчулар оюнга кошту.
21:04. Орусия курамасында алмаштыруу орун алды. Юрий Жирковдун ордуна Владимир Гранат оюнга кошулду.
21:10. Кутепов оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазын алды. Испания айып соккуну аткарат.
21:11. Марко Асенсио айып соккуну аткарып ийгиликсиз болду. Бирок испаниялыктар топту тартып алып, чабуулун улантууда.
21:12. Самедов Рамос менен түртүшүп, командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
21:14. Орусиялыктар топту бурчтан чыгарып, бул мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калышты.
21:17. Орусия курамасында алмаштыруу орун алды. Денис Черышев оюн талаасына Самедовдун ордуна чыкты.
21:20. Испания тез контр-чабуулга чыгып, бирок Диего Коста офсайд абалында болуп калды.
21:21. Орусия курамасында акыркы алмаштыруу орун алды. Артем Дзюбаны Фёдор Смолов алмаштырды.
21:22. Головин айып аянтчага кирип келип, ийгиликтүү кыймыл аткарууга үлгүрбөй калды. Топ испаниялыктардын көзөмөлүндө.
21:24. Испания курамасында алмаштырды. Давид Сильванын ордуна Андрес Иньеста чыкты.
21:25. Соккулар боюнча статистика: Испания - 8, Орусия - 5.
21:26. Испания курамасында алмаштыруу. Начо жаракат алып, Даниэль Карвахаль оюн талаасына чыкты.
21:27. Роман Зобнин оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазын алды.
21:29. Топко ээлик кылуу боюнча статистика. Испания - 72 пайыз, Орусия - 28 пайыз.
21:30. Сергей Игнашевичтин өнөктөшүнө берген чыгаруусу таамай болбой, испаниялыктар топту бурчтан кошот.
21:33. Орусиялыктар тез контр-чабуулга чыгып, ийгиликтүү боло алган жок. Зобнин топту атаандашына алдырып жиберди.
21:35. Испания курамасында алмаштыруу. Яго Аспас Диего Костаны алмаштырды.
21:37. Исконун айып аянтчага көтөрүлгөн чыгаруусун коргоочулар оюн талаасынан чыгарды.
21:38. Марко Асенсио топту бурчтан чыгарып, топто алгач коргоочулар болду.
21:41. Иньестанын айып аянтчадан сырткары таамай узаткан соккусун Акинфеев секирип тосуп калды. Андан соң Аспас сокку узатканга жетишип, бирок таамай болбой калды.
21:43. Орусия курамасы тез контр-чабуулга чыгып, бирок сокку узатканга жетишкен жок. Бул учурда коргоочулар мыкты оюн көрсөтүштү.
21:45. Денис Черышев оюн эрежесин бузуп, испаниялыктар айып сокку аткарат.
21:46. Испаниялыктар топту бурчтан чыгарып, коргоочулар топту оюн талаасынан чыгарды. Испаниялыктар 2-мүмкүнчүлүгүн алды. Бирок аны менен дагы испаниялыктар колдоно алган жок.
21:47. Калыс беттешке 4 мүнөт убакыт кошуп берди.
21:49. Орусиялыктар топту орто бөлүктөн тартып алдып, топ Смоловго чыгарылып берди. Ал айып аянтчадан сырткары сокку узатып таамай боло албай калды.
21:51. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 2-тайм аягына жетти. Эсеп 1:1 болгондуктан командалар дагы 15 мүнөттөн 2 тайм ойношот.
21:56. Калыс 1-кошумча убакытка старт берди.
21:58. Азырынча Испания курамасы чабуулда.
22:00. Орусия курамасы топту алып, дароо испаниялыктарга алдырып жатышат. Ал эми Испаниянын чабуулу ийгиликтүү болбой жатат.
22:01. Коке алыстан сокку узатып, таамай боло алган жок.
22:02. Орусия курамасында алмаштыруу орун алды. Александр Ерохин Далер Кузяевди алмаштырды.
22:05. Марко Асенсио орусиялыктарды таамай соккусу менен тынчсыздандырды. Бирок анын соккусун Акинфеев тосуп алды.
22:08. Орусиялык коргоочулар жакшы оюн көрсөтүп атаандашына айып аянтчага кирип келүү мүмкүнчүлүгүн бербей жатышат.
22:10. Испания курамасында алмаштыруу. Марко Асенсионун ордуна оюн талаасына Родриго чыкты.
22:11. Головин оюн эрежесин бузуп, калыс испаниялыктарга айып сокку аткаруу мүмкүнчүлүгүн берди.
22:12. Кошумча таймдын убактысы аягына жетип, калыс 1 мүнөт кошту.
22:13. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-кошумча тайм аяктады.
22:15. Калыс 2-кошумча таймга старт берди.
22:18. Родриго оң канаттан айып аянтчага кирип дароо сокку узатты. Анын таамай соккусун Акинфеев кайтарып командасын сактап калды.
22:20. Ерохин оюн эрежесин бузуп, Испания айып сокку аткарат.
22:21. Испаниялыктар стандарттык абал менен колдоно алган жок.
22:22. Кайрадан Испания курамасына каршы эреже бузулду. Испания айып сокку аткарат.
22:25. Смолов командасына бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
22:29. Калыс 2-кошумча таймга 1 мүнөт убакыт кошуп берди.
22:30. Калыстын ышкырыгы жаңырып, эми командалар пенальти сериясын аткарат.
22:34. Пенальтини алгач Испания курамасы аткарат.
22:35. 11 метрлик чийинге алгач Иньеста келип, таамай соккусу менен эсепти 1:0 кылды.
22:36. Орусия курамасынан пенальтини алгач Смолов тээп эсепти тең кылды. Пенальтилер эсеби 1:1.
22:37. Испания: Пике пенальтилер эсебин 2:1 кылды.
22:38. Игнашевич таамай болуп пенальтилер эсебин 2:2 кылды.
22:39. Испания курамасынан 3-соккуну Коке аткарып, Акинфеев топту тосуп алды.
22:40. Головин кубаттуу соккусу менен эсепти 2:3 кылды.
22:41. Рамос пенальтини мыкты аткарып эсепти 3:3 кылды.
22:42. Денис Черышев таамай болуп эсепти 3:4 кылды.
22:43. Яго Аспастын соккусун Акинфеев сол буту менен талаанын сыртына чыгара тээп, Орусияга жеңиш алып келди.
Муну менен Орусия курама командасы жеңишке жетип, Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык баскычына чыкты.
кошулду
Артём Дзюбанын голу
Испания-Орусия

Жоок адашасыз