super.kg logo

Орусияда пенсияга чыгуу жашын жогорулатууга каршы митингдер өтүп жатат

 

Орусиянын бир нече шаарларында пенсияга чыгуу жашын жогорулатууга каршы митингдер өтүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, пенсия курагын көтөрүүгө каршы митингдерди негизинен оппозиционер Алексей Навальныйдын аймактагы штабдары жана Коммунисттер (КПРФ), Либералдык-демократиялык (ЛДПР), "Адилеттүү Орусия", "Яблоко" партияларынын жер-жердеги өкүлдөрү уюштурууда. Навальный артынан аңдуулар, өмүрүнө коркунуч болуп жатканын айтып, 30-июнда өлкөдөн чыгып кеткен.

Акциялар футбол боюнча Дүйнө биринчилиги орун албаган шаарларда болуп жатат, себеби орус бийлиги футбол беттештери өтө турган шаарларда массалык акцияларды өткөрүүгө тыюу салган.

Эске салсак, Орусиянын өкмөтү пенсия курагын аялдар үчүн 63 жашка, эркектер үчүн 65 жашка жогорулатууну сунуштоодо. Аталган реформа этап менен ишке ашырылып, 2019-жылдан башталмакчы. Аялдардын пенсия курагын жогорулатуу 2028-жылга чейин, ал эми эркектердики 2034-жылга чейин ишке ашырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.07.2018. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
пенсия толобоштун амалы мисалы мен гражданка РФ 63 жашка чыгамбы чыкпаймбы неизвестно да 55 жаш эле норма болчу
02.07.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
орус эркектер 65 ден ашканы аз эле эми бюджетин толтуруу учун ушул жолду таап чыгышыптырда
02.07.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пенсия албай олуп кетишет экенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: