Орусиялык рублду ЕАЭБдин бирдиктүү валютасы кылуу сунушталды
Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучу төрагасы Андрей Бельянинов ЕАЭБге бирдиктүү валюта катары орусиялык рублду сунуштады. Бул тууралуу аталган банктын сайтына жарыяланган маалыматта айтылат.
"Рубль - эң жакшы платформа. Рублду ЕАЭБдин жана Бажы биримдигинин аймагындагы валюта кылышыбыз керек. Биздин аймак алтын запасына бай келет, ошол себептен рубль алтынга байланыш керек", - деген Бельянинов.
Айта кетсек, Евразиялык экономикалык биримдигине Орусия, Казакстан, Армения, Беларусь жана Кыргыз Республикасы кирет. Бул ар бир өлкөнүн өз улуттук валютасы бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-3

Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Порталдын эрежелерин сактагыла!