super.kg logo

Индияда бир үй-бүлөнүн 11 мүчөсүнүн жансыз денеси табылды

 

Индияда бир үй-бүлөнүн 11 мүчөсүнүн жансыз денеси өз үйүнөн табылды. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.

Маалым болгондой, Индиянын Нью-Дели шаарында бир үй-бүлөдөн 11 адам каза болгон. Алардын 10у короонун ичинде жипке асынып калган. Кызыгы, алардын бардыгынын көздөрү таңылган. Ал эми 70 жаштагы аялдын жансыз денеси үйдүн ичиндеги бөлмөдөн табылган. Маркумдардын денесинен эч кандай тактар табылган эмес жана эч кандай кол салуунун издери аныкталган эмес. Мындан улам полиция кызматкерлери эч кандай кол салуу болбогондугун айтышууда. Ошондой эле эч кандай кат калтырышпаганын маалымдаган.

Үйдүн кожоюну дүкөн иштеткен, сүт азыктарын чыгарган ферманы жетектеген жеке ишкер болгондугу айтылат маалыматта. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн каза болгондугу тууралуу анын кошунасы аныктаган. Ал кошунасы менен күндө эртең менен сейилдөөгө чыкчу. Кошуналары каза болгон үй-бүлө мүчөлөрү жакында боло турган үлпөт тойго кызуу даярданып жатканын кошумчалаган.

Учурда табышмактуу өлүмдүн сыры тактала элек. Полиция кызматкерлери окуяны териштирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.07.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кол салуу болбогонуна ишенбей турам
02.07.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аларда Бир ишенич бар чон картайган киши жаман туш корсо ошол тушту олумго жооруп баары асыныып олууну туура коргон.мункун ошол нерсе себеп болгондур.эгер чынында кол салуу болбосо.
02.07.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баарынын көздөрү таңылуу болсо,кол салуу эмей эмне?Индийский кинодогу мыкаачы каармандар бекеринен чыкпайт турбайбы.
02.07.2018. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде мистика болуп кеткенго. Же кол салуу болбосо, баары коздорун танып алып асынып калаштыбы? Бир кеп бары анык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: