super.kg logo

Пенсия курагындагы Инстаграмдын жылдыздары

 
Технологиянын өнүгүшү социалдык тармактардын адамдар тарабынан кеңири колдонулушуна шарт түзүп берди. Азыркы учурда бала бакчадагы бөбөктөн баштап пенсия курагындагы чоң ата, чоң апалар дагы социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары болуп эсептелет. Алардын ичинен Инстаграм социалдык тармагында көптөгөн жазылуучулары бар мыкты моделдик агенттиктердин жана белгилүү бренддердин жүзү болгон пенсия курагындагы аялдарга көңүлүңүздөрдү бурабыз.
1. "Ооба, мен 20 жашта эмесмин. Мен кайра 20 жашка деле кайтып баргым келбейт. Баракчама ар бир жаңы сүрөт киргизип жатып дайыма "мен кандай кыйынмын" деп ойлоном" деген 64 жаштагы Лин Слэйтер. Слэйтер жөн гана профессионалдуу фотосессияларды жасабастан аларда дайыма кайсы бир косметикалык каражатты же кийимди жарнамалайт.

2. Ал эми 83 жашка чыгып калган Дорри Жейкобсон адамдын жаш курагы бул жөн гана сандар экенин айтат.

"Адам эч качан идеалдуу болбойт. Ал өзүн кандай болсо ошондой кабыл алганга аракеттенип, дайыма өзүнө ишенип, бул ишеничти башкалар да сезип туруусу абзел", - дейт Жейкобсон.

3. "Мен эч качан бүжүрөйгөн, көзүндөгү оту өчкөн кемпирге айланып, өлүмдү күткүм келбейт" дейт 71 жашка чыккан Женни Ки.

4. 94 жашка чыкканына карабастан Инстаграмдын активдүү колдонуучусу болгон Эмико Мориге көбүнчө интернет колдонуучулар суктанышат. Алар да Моридей болуп узак жашагысы келгенин жана аныкындай карылыкты каалап жаткандыктарын жазышат.

5. "Жарнамалап жаткан ар бир косметикалык каражатты алгач өзүм колдоном. Ар кандай фотосессияларга катышуу - бул менин эң сүйүктүү ишим", - дейт 63 жаштагы Сара-Жейн Адамс. Ошондой эле белгилүү интернет колдонуучунун айтымында, ар бир жаш курактын өзүнүн өзгөчөлүгү бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
02.07.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калжаңдабай кечке карыганын сезсе
02.07.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мунун эмнеси жанылык. Бизде деле коп го. Мисалы Гулшайыр Садыбакасова))
02.07.2018. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин апам боенбой эле булардан жаш супсулуу жашы 70те.
03.07.2018. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кайненем да озун аябай жаш сезип досторун кыздар болуп отуруп келдик деп суйлойт дайыма. Просто бул жакта куйосун да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: