super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Консулдук кызмат департаменти: "Бизге Сыргак Мырзабек уулу аттуу жаран кайрылган эмес”

 

"Кыргыздын Санкт-Петербург шаарындагы консулдугу менен 15-июндан бери байланыша албай жатам” деп Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иштеп жаткан Сыргак Мырзабек уулу "Элдик кабарга" билдирген.

Анын айтымында, бул шаардагы мигранттар консулдукка кайрылып, жаралган маселелери боюнча жооп ала албай убара тартып келишет.

"Консулдук биздин чалууларга жооп бербейт. Интернет аркылуу да көптөгөн суроолор келип түшкөнү менен бирине да жооп жазылбайт. Эгер консулдуктар мигранттар жардам сурап кайрылганда жардам бербесе, алардын эмне кереги бар? Эмне үчүн өкүлчүлүктөрдү ачып, андагы кызматкерлерге акча төлөнөт?" - деген ал.

Биз бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментине кайрылганыбызда, төмөндөгүдөй жооп узатышты.

“Тийиштүү өкмөттүн буйругуна ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүндө тынымсыз байланыш телефондору түзүлгөн. Санкт-Петербург шаары боюнча номерлер: +7-962-688-25-06, +7-900-63490-95, +7-921-939-35-40.

Жооптуу кызматкерлердин айтымы боюнча, кабыл алуу китепчесинде Сыргак Мырзабек уулу аттуу жаран жок. Ошондой эле телефон аркылуу андай жаран кайрылбагандыгын билдирген.

"+7-900-63490-95 телефон номери аркылуу 1-катчы Токобаева Аяна Асангуловнага бардык көйгөйлөрүңүз менен кайрылсаңыздар болот. Эгер кайрылганда көрсөтүлгөн жагдай кайра кайталанса 0312 66-08-11 номери же "105" кыска номери аркылуу байланышып, өз нааразычылыгыңыздарды билдирсеңиздер болот”, - деди Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(8)
02.07.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Андай жаран бизге кайрылбады дейби уялбай??? Телефонго жооп бербесеңер каяктан билесиңер кайрылбаганын??? Жаманга амал тийсе ХХХХХХХХ ушундайлар (чиновниктер ж.б.) күйбөгөн жериңди күл кылышат да((((
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-03 12:31:34
03.07.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PROS, этика нормаларын сактаңыз!
02.07.2018. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанталашып озун актап атышат!Качан эле элге жардамынар тийип атат.
02.07.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булардын телефондору сотовый чалсан давно эле ыргытылып кеткен симкалар болсо керек.
02.07.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол кайрылта койбой кууп жатсаңар анан кантип кайрылат
02.07.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо апристер
02.07.2018. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аянага кыргызча суйлосон орусча жооп берет,аны да арандан зорго
03.07.2018. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Сыргак Мырзабек уулу. Мен асмандан алып жалаа жаап жаткан жокмун да. Далилдери менен телефон номерлери менен отзывтары менен скрин кылып жонотком. Же аны да башка бироолор жазып атышабы? Наалат жана наалат силерге!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: