super.kg logo

Аскарбек Шадиевдин иши боюнча дагы бир кылмыш иши козголду

 

Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевдин иши боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу" беренеси боюнча козголду.

Айта кетсек, 25-июнда УКМК тарабынан Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин 1-июнда УКМК мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин 28-апрелде Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москва шаарындагы Домодедово аба майданына учуп барып, андан ары Кыргыз өлкөсүнүн дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткенин аныктаган.

28-апрелде Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылууда. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган.

31-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин баш коргоо чарасын карап, аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камоо боюнча сырттан чечим чыгарган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
02.07.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озу жок болгондон кийин, кунуго бирден кылмыш иш козгосонор да бир тыйын пайдасы жок. Баарибир алып келбейсинер, Садыр Жапаровко окшоп озу келишке Шадиевдин духу жетпейт.
02.07.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
козголгон иштин бир тыйын пайдасы жок элди алдамай башталды. Эски система началось.
02.07.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда болгон кылмыштын баарын мойнуна илип кылмыш козгосонор да бутту уже,лучше ошол кайсы заставадан чыгып кеткен или суу кечип откон,ошонун начальнигин жакшы сурака алгыла и кылмыш ишин козгогула,акчаны алып машина менен эле откоруп жиберген чек арадан.
02.07.2018. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеси болсо да, А. Шадиевдин дайынсыз болуп жатканы көп түпөйүл суроолорду жаратат. Эгерде ал өзүнүн таза экенине ишенсе, анда неге минтип изин жашырып качат эле? Анын качып жүргөнүнүн өзү эле күнөөсүн мойнуна алганы болуп атпайбы.
02.07.2018. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шадиев Атамбаевдин кассири, бугалтери болгон баарын ушул козомол кылып турган ошондуктан муну бекитип качырган деген кептер бекеринен айтылбаса керек. Анын бул Кыргызстандагы баардык мулкторун мамлекетке откоруп беруу зарыл.
02.07.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шадиевти кармаш керек Атамбаевтин дагы ачыла элек канча иштери бар билинбеген ушул акмакты камаш керек АШАсына кошуп.
02.07.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
«Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап».
Мадумаров айтмакчы: Сен Кыргызстандан качып тур, качып чыгып кеткенден кийин кабар берип кой, сенин артыңдан кылмыш ишин козгоп койобуз болуп атат да бул жагы.
02.07.2018. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качырып ийип кайра кайра кылсыш ишин козгоп зачем колундардан ачыгы х.йда келбейт укмк качып кеткенче журдунор тергоого чакырбай кетип калган сон кылмыш иш эхэй койгулачы элди акмак деп атасынарбы козгогон мн уштай албайсынар
02.07.2018. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талаада жүргөн адамга эле иш козгой бербей, таап бул жакка алып келип алып анан козгосоңор жакшы болмок.
02.07.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
50 иш козгосун баары бир.Жоо кеткенден кийин кылычыңды ХХХХХХ УКМК после пожар ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-03 13:12:51
03.07.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmat-77, этика нормаларын сактаңыз!
03.07.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоо кеткен соң кылычыңы ташка чап дейт, эми түштөн кийин миң кылмыш козгосо да бекер да
03.07.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар жакшы иштеп атасынар эми эртенден калбай кырк эки жарым жылга соттогула тезиреек соз жоок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: