super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков: "Жарандар коррупцияны жоюу боюнча конкреттүү иш-аракеттерди жана катуу чараларды күтүүдө"

 

Бүгүн, 2-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен кезектеги жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин өз убагында аткарууда Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ролу чоң экенин жана жоопкерчилигин белгиледи. Ал жыйында сот системинин, укук коргоо, көзөмөл органдарынын жана башка мамлекеттик органдардагы кемчиликтер, алардагы коррупциялык көрүнүштөр ачык аталып, коомчулукка чыгарылганын белгиледи. Президент системдүү коррупцияны жоюунун алкагында ар бир мамлекеттик орган боюнча тиешелүү талдоо даярдоону тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 1-июлунан тартып декларациялык кампания башталганын эске салып, бардык мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана чыгымдары тууралуу декларацияларын кылдат текшерүү зарылдыгын эскертти. "Ар бир министрликте жана мекемелерде коррупциялык схемалар бар же жок экени, ар бир чиновникти жекече текшергиле. Дагы бир жолу кайталайм - коррупцияга каршы күрөш кимдин кандай чини бар экенине жана кандай кызматты ээлегенине карабастан катуу жүргүзүлүшү керек. Жарандар коррупцияны жоюу боюнча конкреттүү иш-аракеттерди жана катуу чараларды күтүүдө", - деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин катчылыгына 2018-жылдын август-сентябрь айларына пландалган жыйынга даярданууну тапшырды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев чечимди ишке ашыруу тиешелүү деңгээлде жүрүп жатканын айтып берди.

"Декларацияларды текшерүүнү жөнгө салуучу бүт ченемдик-укуктук база түзүлдү. Өкмөт декларацияларды текшерүүнүн механизмин аныктаган тиешелүү токтом кабыл алган. Биринчи кезекте саясий кызматтарды ээлеген, анын ичинде президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аппараттарында иштеген адамдардын декларациялары текшерилет", - деди Сагынбаев.

Ал бул текшерүүнүн алгачкы жыйынтыктары 2018-жылдын сентябрь-октябрь айларында жарыяланарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
02.07.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Судьялар менен прокуратура,финпол,МВД,бажы,налоговыйлар текшербестен билишет №1 корупционерлер экенин,мамлекеттик кызматта иштеген бир да кызматчы омурундо хан сарай же кымбат машина алууга каражаты жетбейт.Бизде болсо ушулар бизнесмендерден да бай турушат.
02.07.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Президент коррупция менен күрөштү аягына чыгарат. Коррупцияга каршы күрөшүү саясий куугунтук эмес, далилдер менен болуп жатат. Өкмөт мүчөлөрүнүн 80%ы эски кадрлар. Калган жаңылар да дароо реформа жасап жиберет дегенден алысмын. Башчыны алмаштырса калганы өзгөрбөйт. Андыктан кадр маселесине сергектик менен кароо зарыл. Коррупция менен коррупционерлер күрөшө албайт.
02.07.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны Президент биринчи коррупциядан баштаймын деп айткан болчу, созунун устунон чыгып атат бирок толук жоюла элек коррупция, ошон учун урматтуу Президен биздин олкодо коррупция аябай куч алган тазалаш оной эмес билесиз, бирок аягына чыгышынызга ишенем.
02.07.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Соке Соке кыргыз эли сага ишеним артты эле 80%эл игенип колдоп жургон уже ишеничтен чыгып ьаратасын суйлогон созун мн кылган ишин эки болок коррупция деп универлеги мугалимдерди кармап жар саласынар а миллиондорду жегендерди качырып жибертасынар
02.07.2018. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соке коррупция менен курошкусу келсе соттордон, прокуратурад баштасын. АШАнын эки кишисин камап коюп, коррупция менен курошуп жатам дей бербей.
03.07.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жээнбеков мыкты иштеп жатат.
Элдер колдогонду да уйрөнөлучу дагы кандай президент керек силерге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: