super.kg logo

Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү памирлик кыргыздардын Ооганстанга кайтуу ниети боюнча билдирүү таратты

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир жергесинен келген эки үй-бүлө Кыргыз мамлекетинен кетүүгө камынып жатканын айткан.

Нарын облусунун өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы Нарынга жайгаштырылган памирлик кыргыздарга көрүлгөн камкордук жана учурда айтылып жаткан сын-пикирлер тууралуу социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

"Өкмөттүн тапшырмасына ылайык, жергиликтүү облустук, райондук, шаардык бийлик боордошторду камкордукка алып келет. Адеп, 3 айлык адаптация учурунда облус бийлиги тарабынан график түзүлүп, ар бир райондун жана шаар тургундары жардамдары, кийим, маданий программалары менен учурашып барып турушту. Жалпы суммасы 1 миллион сомго чукул каражат сарпталды. Мындан тышкары өкмөт тарабынан 3 миллион сомго чукул каражатка тендер жарыяланып, 8 үй-бүлө, 49 адамга ылайыктап тамак-аштын түрлөрү, азыктар, үй тиричилигине керектүү эмеректер алынып берилди. "Кайрылман" макамы берилип, жөлөк пул чектелген", - деп жазылат билдирүүдө.

Айнура Дүйшөк кызы памирлик кыргыздардын жаштары 4 класстык билим алышканын белгиледи.

"Билимге суусап турган балдарды окутуу улантылды. Нарын шаарындагы Ү.Асанов атындагы мектеп-лицейинде 9-17 жаштагы 10 бала өкмөттүн тапшырмасына ылайык, тездетилген окуу программасы боюнча 2 окуучу 1-4 класстардын программасын өздөштүрсө, 8 окуучу 1-3-класстардыкын өздөштүрдү. Балдар 15-июндан баштап каникулга тарап, күзүндө окуусун улантат.

Ал эми 18 жаштан жогорку 8 памирлик Нарын шаарындагы №87-кесиптик лицейинде окуп, "жеке компьютер колдонуучу" сертификаттарын алды. Алардын ичинен алтоо Памирге жакындарына сагыныч таратканы барып келгени жатышат. "Элин сагынбас эр болбойт, үйүрүн сагынбас жылкы болбойт" деген кеп бар. Ушул курстун бүтүрүүчүлөрүнүн экөө үй-бүлөлүү. Жубайларын балдары менен Памирге калтырып окууга келген. Ал эми жай мезгилинде Нарында калып жаткан дагы эки бүтүрүүчү Кабул шаарында мектепти аякташкандар. Ооганстандан документтерин күтүп жаткан учуру экен. Документтери келсе университетке тапшыруу ниеттери бар.

Ат-Башыга бөлүнгөн 2 үй-бүлө балдардын окуусуна карап убактылуу келгенин башында эле эскертишкен. Азыр туугандарынын балдарын кошо алып учурашканы Памирге барууга камданып турушат. Калганы пландарын өзгөртүп жатканын түшүнө билели", - деп айтылат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(16)
02.07.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ток этер жерин айтпай эле буйтат го Дүйшөк кызы.Эгерде чындап кайра кеткилери келсе,түшүнбөдүм бейиштей жерди чанып тозоктой жашоосуна кайра кайтып барыштарына.Кечирип койгула Памирлик туугандар,бирок биз тараптан деле жакшы эле колдоо болду.Мындан артыгы болбос,араңдан жашаган элибизге.
02.07.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оздору да аракет кылып жашап калыш керек да балдарынын келечеги учун .Кайсы жерде эле Жыргал жашоо кутуп турат эле Бир жерден Бир жерге конуп кетиш да оной эмес.
02.07.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздеги жашоо Афганистандагы жашоосуна караганда бейиштин өзү эмеспи. Кетебиз деп ырысын тепсе өзүлөрү билсин калгыла деп жалынат белек.
02.07.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой бул жерде да саясат да алып келээрде биздикилер тим эле тоону томкоробуз деп убада кылды да. Карап корсон эн эле бай памирликтер келиптир.
02.07.2018. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча Памирлик кыргыздардын байларын алып келишкенго. Канчалаган топоздору бар туугандардын. Аларды сатып оздоруно жардам деп беришкенго. Кыйналып жашагандарын алып келсе суйунуп жашашмак.
02.07.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nevestkaa. Чанып дегенин эмнеси. Памирлик кыргыздар башка мамлекетте калып кеткени менен ошол жерди мекендеп келишкен. Туулуп оскон жерине эч нерсе жеткис да. Кыналып жашаса да конгон жашоосу
02.07.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Топоз багып жургон эле жагат окшойт буларга,байкашымча кетсе экинчи келбейт го дейм.
02.07.2018. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин жашоону корушуп оздорунун жашоосу менен салыштырышты.Бизде 3 ай башын менен жер казып ичпей жебей акча топтосон бир топоз аласын...
02.07.2018. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Памирликтердин журуш турушу Нарындыктарга дал келбейт аларды лучше баткенге алып келиш керек эле Баткендиктерге кошулуп кетет жле
03.07.2018. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyl78.1501 Чон Алайдын эле бир талаасына жайгаштырыш керек эле жок дегенде Памирдиктей шамал азыраак фап бар мектеп баар эле кыйналса да ошол жер саз эле буларды неге Нарынга апарышты билбейсин
03.07.2018. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyl78.1501,ХХХХХХХХ баардык жер бирдей Нарындын климаты буларга туура келген Баткен ысык алар да конуш керек
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-03 12:03:46
03.07.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Памирликтер жаккан жок. Кетсе кетсинчи. Топук кылууну билбеген адамдар экен. Бизге жер алып, уй салып берсенер калабыз деп шарт койгонун кантейин. Президент, губернатор,элдер акчасын акчалай малын союп барып беришсе деле жок дегендин эле устундо. Жулунган эл болот экен. Ысыкколго балдарын эс алдырганга жиберсе, шарты начар ага нааразы болушат. Шарты жакшы Памирге эле кеткени он го.
03.07.2018. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал жакта Жашоо оор Кыргыздын тукумун бузбай Кыргызстанда жашай берсе болот эле оздорунун келечектеги балдарына да жакшы болмок.
03.07.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткенге кошулуп кетпейт ,Баткенде да ошол эле кийим ,ошо шарт Нарындагыдай ыссыгы эле болбосо
03.07.2018. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх кой дешиптир да кундо эрте туруп Кечке дери Иштеп айына 7-8 айлыкка иштегенден коро лучще барып топозун Карайн деген го кайра эркиндикке
05.07.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш алтоо барып кайра келет экен го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: