super.kg logo

"Ош базарында" 2 милиция кызматкерин сабап кетишкен

 

Бишкектеги "Ош базарынын" жанынан эки милиция кызматкерин сабап кетишти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 30-июнь күнү кечки саат 10:00дө Чүй кең көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинде орун алган.

"Бизге 30-июнда кечки саат 10:00 чамасында "Ош базарында" белгисиз адам тапанча көтөрүп жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Жерине 2 милиция кызматкери барып, шектүүдөн өзүн тааныштырып, документтерин көргөзүүсүн суранган. Ал документтерин барсеткадан чыгарып жаткан учурда милиция кызматкерлери тапанча бар экенин байкап калышкан. Биздин кызматкерлер аны кармоо учурунда кылмышка шектүү каршылык көргөзүп, элге "мага атайылап тузак кылып жатышат" деп жардамга чакыра баштаган. Анын кыйкырыгын уккандар дароо эле жардамга келип, милиция кызматкерлерин ур-токмокко алышкан. Укук коргоо кызматкерлери окуяны түшүндүрүүгө аракет кылганы менен, жардамга келгендер алардын сөзүн уккан эмес. Окуя болгон жерге Ленин РИИБинин ыкчам тобу барып, окуяны жөнгө салган. Ал эми кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалган. Ал жанына пневматикалык тапанча ал жүргөн. Учурда ага карата 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу жасалгаларды мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери улантылып жатат", - дейт маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
03.07.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ош базар-ХХХХХХХХ болбой баратат.Байыркы доордун адамдарындай болбой,бардыгыбыз мыйзамга баш ийишибиз керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-03 12:55:39
03.07.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Э ИИМ кызматкерлери силерде эмне безпределби? Биринчиден пневматикалык таранча ок атуучу жарылуучу куралдар статьясына кирбейт, экинчиден буга атайын разрещениянын кереги жок. Же силерге мен юрист болуп берейинби? )) Бул жерде укук коргоо органдарына кол которуу статьясы менен эле жоопко тартылат. Безпредел болбогула. Учунчудон кармоонун атайын инструкциясы бар, кармай албаган бечел кызматкерлер экенда.
03.07.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Беспредел!!!
03.07.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милициялар оздору ак боло берет жон эле сылык документтерин сураганына ишенбейм
03.07.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bulda bolso ukuk korgoo organdaryna bolgon iwenboochuluk. eger iwengende elder balaga jardam berbey milisiyaga jardam bermek.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: