super.kg logo

Ысык-Көлдө коопсуздук талаптарына жооп бербеген бир нече эс алуу жайлары жабылды

 

Ысык-Көлдө бардык тийиштүү коопсуздук чаралары көрүлүп, кыргыз бермети быйылкы сезондо туристтерди кабыл алууга толугу менен даяр. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Текебаев билдирди.

"Бардык эс алуу жайлары текшерилип, коопсуздук талаптарына жооп бербеген бир нечеси жабылды. Ар кандай табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык даярдыктар көрүлдү.

Ошондой эле акыркы учурларда Ысык-Көлгө келген туристтер катышкан сууда жүрүүчү транспорт каражаттарына байланышкан кырсыктар көп кездешүүдө. Бул өңдүү кырсыктар, суу унааларын пайдаланууда эрежелер сакталбагандыктан: эс алуучулар кайык, катамаран сыяктуу каражаттарды сууга түшүп жаткан адамдарга жакын айдап же алыскы аралыктарга чейин ылдам айдап, чукул бурулуу жасагандыктан улам келип чыгууда. Ошондуктан аларга да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу транспорт каражаттарын колдонуу, май куйуу үчүн атайын чектер коюлду", - деди ал өз сөзүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: