super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев АКШнын Транзиттик борборун өлкөдөн чыгарууга багытталган мыйзамга кол койду

 
Бүгүн, 26-июнда президент Алмазбек Атамбаев “Манас” аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 2014-жылдын 11-июлуна чейин АКШ өкмөтүнө келишимдин жокко чыгарылгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүүсү зарыл. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынган. Эске салсак, “Манас” аэропортундагы Транзиттик борбор тууралуу жана ага байланышкан кандайдыр бир мекемелер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2009-жылы 22-июнда кол коюлган. Бул макулдашууну денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун өкмөт парламентке бир ай мурун жөнөткөн болчу. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: