super.kg logo

АКШнын тургуну туулган күнүн белгилеп жаткан балдарга кол салып, 9 адамды бычактады

 

АКШнын Айдахо штатында Тимми Киннер балдардын кечесине барып 9 кишини бычактап салды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, окуя Латын Америкадан келген качкындар жашаган Бойс шаарындагы турак үйлөрдүн биринде орун алган. Анда балдар 3 жаштагы кыздын туулган күнүнө келишкен. Балдардын майрамы орун алган үйгө 30 жаштагы Тимми Киннер кантип киргени белгисиз. Алгач ал балдарга, андан кийин аларды коргоого алган чоңдорго дагы кол салган. Натыйжада 6 бала жана 3 адам ар кандай жаракат алган. Алар дароо жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Учурда жабыркагандардын төртөөнүн абалы оор экени жазылат маалыматта.

Полиция кызматкерлери теракт болгон деген жоромолду четке кагып, "бул кол салуу психикалык жактан жабыркаган адамга таандык көрүнүш" деп айтышууда. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.07.2018. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулман болбогон соң теракт эмес дешет. Айтпаса да белгилүү.
04.07.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оада Америкада ушундай окуя болсо дүйнө жүзү көзүн жумат,а эгер бул ишти мусулман атынан бирөө кылган болсо дүйнө жүзү көтөрүлөт,терракт деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: