super.kg logo

Өлкө казынасына 7 миллион сомдон ашык салык төлөбөгөн ишканага кылмыш иши козголду

 

Салык органдарына бир дагы отчёт бербеген ишканага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2017-жылы Бишкек шаарында каттоодон өткөн "С.М." аталышындагы ишкана Кытайдан товар ташуу менен алектенип келген.

Ишкананы текшерүү учурунда ал бир дагы жолу салык кызматына отчёт бербей, жалпысынан өлкө казынасына 7 миллион 543 миң 312 сом төлөбөгөндүгү аныкталган. Бирок ишкананын ээси катары катталган Т.С аттуу жаран суракка чакырылганда ал ишкердик менен алектенбей турганын билдирип, ишкананы каттоого да катышпаганын айткан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 182-беренесинин (жалган ээлик кылуучулук) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда бул ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар жүрүп жатат”, - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.07.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал ишкана акчаны берген салыкчылардын сол чонтогуно,ошон учун ушуга чейин чогулуп отуруп 7миллион болуп кеткен.Жакшы сураштырса кайсы салыкчы канчадан сол чонтоко алып турганы да чыгат.
03.07.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушунтип иштегиле карызды төлөйлу эми.
Бизди да кытай ушул ишкандай кылып кармай электе.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: