super.kg logo

Таиландда жоголгон 12 футболчу жана машыктыруучу үңкүрдөн табылды. Аларды куткаруу үчүн 2-3 ай күтүү керек

 

Таиландда 9 күнүн үңкүрдө өткөргөн 12 футболчу жана алардын машыктыруучусу табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, табылган балдар машыктыруучусу менен 23-июнь күнү Таиланддын Хуахани шаарына жакын жердеги тоого барып үңкүргө киришкен. Ошол учурда жамгыр жаап, үңкүрдүн ичи сууга толуп алар чыга албай камалып калышкан. Жоголгон балдарды издөө иши 24-июнда башталып, бирок эч натыйжа чыккан эмес. Соңку күндөрү издөө жана куткаруу тобуна АКШ, Австралия, Улуу Британия жана Кытайдан келген куткаруучулар дагы кошулган.

Дайынсыз жоголгон балдарды жана машыктыруучуну британиялык суу алдында сүзүүчү Жон Волантен тапкан. Бирок табылган адамдар азыркы учурда үңкүрдөн чыгарыла элек. Анткени тынымсыз жааган жаандан улам үңкүрдөгү сууну сордуруу иштеринен майнап чыккан эмес. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, аталган аймакта жаан-чачындар мезгили сентябрь-октябрь айларына чейин уланат.

Куткаруучулар билдиргендей, азыркы тапта балдарды үңкүрдөн алып чыгуу маселеси каралууда. Бул үчүн балдарга суу алдында жүрүүгө ылайыкталган атайын кийимдерди жеткирүү керек. Бирок үңкүр татаал аймакта жайгашкандыктан алар суу алдынан чыга албай калышы мүмкүн. Ал эми айрым адистер тобокелчиликке барбастан жаан-чачындар мезгили бүткөнгө чейин күтүү керектигин, ага чейин тажрыйбалуу суу алдында сүзүүчүлөр аларга тамак-аш жана керектүү каражаттарды жеткирип турарын билдиришкен.

 

 






Таиландда 10 күн мурун жоголгон 12 бала үңкүрдөн табылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
03.07.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ии, жакшы болуптур табылганы. Эми аман-эсен куткарып алышсын.
03.07.2018. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Өткөндө табылбай жатат дегенди жаңылыктардан укканда бирөөлөр каза болду окшойт деген мен жок тирүү дегем тирүү жандарды каза болгон дешке ооз барбайтда жакшы аман эсен табылыптыр
Kymbatym түзөттү 2018-07-03 19:06:19
03.07.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баардыгы аман эсен куткарылса экен.
03.07.2018. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рекорд болот окшойт
03.07.2018. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ииий аман эсен чыгып алышса экен сентябрга чейин эле
03.07.2018. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен тушунбой калдым. Булар ошол балдарга чейин бара алышса, кайра аларды кандай чыгара алышпайт экен деймда.
03.07.2018. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_salim,суу үңкүрдүн ичинде суунун көлөмү кетиптир деп турат ко үңкүр татаал аймакта жайгашкан кайра чыкканга жолду таба алышпайт дешкендирда суу бар болсо келген жолу байкалбай калатдырда
04.07.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_salim,ункурго кирчу жол биринчи томондоп барып анан жогоруласа керек менимче,жанагы Россиядагы баберлордун ийининдей болуп.
04.07.2018. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол тажрыйбалуу суучул ар барган сайын, суучулдун кийиминен ала барып чыгарып кете албайбы
Медиа-портал
04.07.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото арыктап кетишиптир. Тамактары жок жалан суу менен жашашты да байкуштар
Медиа-портал
04.07.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tram-lam, корккондорунан деле, ушинтип өлөбүзбү дешти го
04.07.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
unkurdo 2 kilometr alistika cheyin basishiptir 22 metr terendikte azir mezgil jaan chachin bolgonduktar suunun kolomu oido kotorulup oorduk kilat eken. baldar da suuda suzuunu bilbegendikter alardi suuda suzuunu uirotobuz dep jaziishiptir, azirincha tamak ash medicina menen kamsizdandirabiz deit. jakinki arada bolboso oktyabrda chigishat dep jazishiptir Angliyanin jurnalisteri. aman esen chigip alishsa eken.
Медиа-портал
04.07.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табылып калыптыр эми аман эсен куткарылып калсын. Анан кино тартабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: