super.kg logo

"Мискенбаевге кылмыш иши козголгон деп айта албайбыз, четке да какпайбыз". Финполдун 2 күндөн кийинки жообу

 

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевге кылмыш иши козголгону же козголбогону боюнча расмий маалымат жок. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Айкөл Ала-Тоо" жана "Апрель баатырлары" коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду деген маалымат чыкканына бир апта болгонуна карабай аталган мекеме расмий маалымат тарката элек. Биздин сурообузга эки күндөн кийин гана төмөнкү жооп менен чектелишти.

"Биз бул маалыматты четке да какпайбыз жана кылмыш иши козголгон деп да айта албайбыз", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Айт кетсек, кечээ, 2-июлда Мискенбаевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев: "Учурда Мээрбек Мискенбаевге айыбы угузула элек жана кылмыш иши козголгон токтом өзүнө да, мага да тааныштырыла элек. Мен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүсү менен сүйлөштүм, ал бул иш боюнча эч кимге эч кандай маалымат бербегенин айтты", - деген эле.

Буга чейин 29-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Апрель баатырлары" коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогонун "Азаттык" өздүк булактарына таянып жазып чыккан.

Мискенбаев бул иш өзүнө карата саясий куугунтук экенин билдирип, "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын" деген сөздү айтканымдан кийин башталды" деп айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.07.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ушинтип бетке ачык айткандын баарын камап отура бергиле. Иш козгоп, соттоп, элге жаман атуу кылып коргозуп. Чыныгы корруп-р журушот го эркин басышып Ак уйдо, кок уйдо.
03.07.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мискенбаевлин саясатта эч кандай кадыр баркы жок адам. Мелочь иштер менен эле аралашып АША нын убагында креслого отура койгонда эми жакын жолотпойт да. кайра камаш керек. Оозуна киргенди добдуроп суйлоп койгон адатыбыз эле болбосо менин Мискенбайдын АШАНЫН балп этмебиз бар
03.07.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмыш иши козголду же козголбоду?Тушунуксуз.Атамбаев коркутуп шантаж кылып жатат окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: