super.kg logo

Москвада жашап жана эмгектенип жаткан мекендештер түлөө өткөрүштү

 

Москвада жашап жана иштеп жаткан мекендештер 1-июль күнү Москвадагы кафелердин биринде түлөө өткөрүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына демилгечилердин бири Улан Кошматов билдирди.

"Бул жакта эмгектенип жүргөн мекендештердин башын бириктирип, түлөө өткөрүүнү демилгелеп чыккан элек. 1-июлда мекенчил жаштарыбыздын уюштуруусу менен көтөргөн демилгебиз ишке ашты. Кыргыз элибизде, жерибизде тынчтык болсун, мекенден алыста жүргөн боордошторубуз бөөдө кырсыктан, жалган жалаадан, кайгы-кападан алыс болуп, туулган жерибизге амандыкта жетели деп, алакан жайып тилек кылдык. Кан чыгарып, көзү өткөндөрдүн арбагына багыштап куран окудук. Аксакалдарыбыздын башына калпак кийгизип, апаларыбызга жоолук салып, алардын ак батасын алдык. Түлөө жалпы келген коноктордун колдоосу менен өттү", - деди Кошматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(3)
03.07.2018. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аман эсен мекенибизге кайтып келип алгыла!
03.07.2018. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эн сонун! Ынтымак эле бололучу ,алакандай элбиз.
03.07.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсынар. Кайда журушсо да жан дуйносу кыргыз дегендер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: