super.kg logo
  Саясат  

“Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” боюнча долбоорлорду каржылоо жөнүндөгү макулдашуулар ратификацияланды

 
“Бишкек шаарында 2012-жылдын 3-августунда кол коюлган “Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу боюнча насыялык макулдашуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоо боюнча гранттык макулдашуу ратификацияланды. Аталган макулдашуулар Кыргызстан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда түзүлгөн. Ратификациялоо мыйзамына президент Алмазбек Атамбаев 26-июнда кол койду. Мыйзам ушул жылдын 30-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган болчу. Ага ылайык, КРнын тышкы иштер министри белгиленген тартипте жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду кыргыз тарап аткаргандыгы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына кабарлашы шарт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: