super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 6-ИЮЛЬ: Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк өбүшүү күнү. Иммунитетти чыңдап, мээдеги кан айланууну жакшырткан өбүшүү тууралуу кызыктуу маалыматтар

 

Бүгүн, 6-июль - Бүткүл дүйнөлүк өбүшүү күнү. Алгачкы жолу 19-кылымдын аягында Улуу Британияда белгиленген бул майрам азыркы учурда дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө майрамдалат. Бул күнү бир катар шаарларда өбүшүү боюнча сынактар өткөрүлөт.
Өбүшүүнүн пайдалуу жактары:

  • Стресстен арылтат. Өбүшүү учурунда кортизол жана окситоцин гормондору иштелип чыгат. Бул гормондор стрессти басаңдатып, маанайды көтөрөт. Америкалык окумуштуулар күнүгө өбүшкөн адамдар башкалардан орто эсеп менен 5 жыл узак өмүр сүрөрүн жана дээрлик оорубай тургандыгын далилдешкен.
  • Арыктатат. Берилүү менен 1 мүнөт өбүшүү 500 метр аралыкка чуркоо менен барабар. Бул учурда зат алмашуу эки эсе жакшы иштейт. Андыктан эгер арыктагыңар келсе көп, семиргиңер келсе аз өбүшүү керектигин унутпагыла.
  • Ооруну сездирбейт. Шилекейдин курамындагы эндорфин гормону табигый антибиотик, анестетик болуп саналгандыктан баш жана тиш ооруну басаңдатат.
  • Өпкөнүн иштешин жакшыртат. Өбүшүү учурунда жана андан кийин өпкөнүн иштеши жакшырат. Башкача айтканда, мүнөтүнө 60 жолу дем аласыз. Мындай көнүгүү өпкө ооруларынын алдын алат.
  • Инфаркт жана инсульттун алдын алат. Өбүшүү учурунда жүрөк мүнөтүнө 110 жолу согуп, кан айлануу системи жакшырат.
  • Кариеске жана пародонтозго каршы. Чикаголук окумуштуулар кариестин жана пародонтоздун алдын алуу үчүн тамактанган соң дароо өбүшүүнү сунушташат. Алардын айтымында, бул учурда шилекейдин курамында фосфор жана кальций көп болот.
"Таймс-Сквердеги" тарыхый өбүшүү

Тарыхтагы белгилүү өбүшүүлөрдүн бири - "Таймс-Сквердеги өбүшүү". Бул сүрөт белгилүү сүрөтчү Альфред Эйзенштадт тарабынан 1945-жылдын август айында Япониянын согуштан жеңилген күнүндө тартылган. Кызыгы, сүрөттөгү адамдардын ким экендиги 60 жылдан кийин гана аныкталган. Алардын бири америкалык медайым Эдит Шейн, экинчиси Карл Мускарелло аттуу моряк болгон. Экөө бири-бирин тааныган эмес. Ошол учур тууралуу Э.Шейн мындайча эскерген: "Ошол күнү тааныбаган адамдын мени кучактап, өбүүсүнө таң калган да, каршы болгон да эмесмин. Себеби ал күн улуу күн эле, жеңишти майрамдап жатканбыз. Айланадагы адамдардын баары кучакташып, өбүшүп жаткан".



СССРдин белгилүү башчысы Леонид Брежнев сезимдерин билдирүүдөн эч качан тартынган эмес. Буга сүрөттөрдө сакталып калган көз ирмемдер далил болуп берет. Брежневдин Германия Демократиялык Республикасынын башчысы Эрих Хонеккер менен өбүшүүсү орусиялык сүрөтчү тарабынан "Берлин дубалына" түшүрүлгөн.

Кызыктуу маалыматтар:

  • Өбүшүүнү изилдеген илим филематология деп аталат.
  • Эң узакка созулган өбүшүү 2013-жылы таиланддык түгөйлөрдүн ортосунда болуп, 58 сааттан ашкан.
  • АКШнын Индиана штатында мурутчан эркекке бирөөнү өбүүгө тыюу салынган.
  • Көгүлтүр экранда өбүшүү алгачкы жолу 1896-жылы америкалыктардын "Өбүшүү" тасмасында көрсөтүлгөн.

  • "Французча өбүшүү" ыкмасын француздар эмес, байыркы римдиктер ойлоп табышкан.
  • Адамдардын көпчүлүгү өбүшкөндө башын оң тарапка кыйшайтышат.
  • Адам орто эсеп менен өмүрүнүн 336 саатын өбүшүүгө арнайт экен.
  • Адамдардын 66 пайызы көзүн жумуп өбүшүүнү баалашат.

    6-июлга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
06.07.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
обушуп эле журуш керек окшойт
06.07.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бугун туну мн обушойун анда
07.07.2018. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен азыр эле баштайын десем обушкону кыз жок жумуштан бошобой кыздарга убакыт жок...
07.07.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Фуу. Мен жийиркенем.
08.07.2018. 07:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тамак жеп бутуп эле обушкуло дейт)))Элестет...ооздогу мусордун баарын тазалап койотго.Обушкондон кийин тиш щетка менен оозду жуубай деле койсо болотго анда.
26.06.2020. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
j
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: