super.kg logo

Жогорку Сот 3 судьяга козголгон кылмыш иши боюнча: "Канцеляриянын кызматкерлери техникалык ката кетиришкен"

 

Азыркы учурда сот системинде заманбап IT-технологияларды киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан улам Жогорку Соттун канцеляриясынын кызматкерлери техникалык ката кетиришкен. 2018-жылдын январь айынан тарта Жогорку Сотто автоматтык бөлүштүрүү системин ишке ашыруу башталган. Бардык түшкөн иштер компьютердин жардамы менен автоматтык түрдө бөлүштүрүлөт.

"Темирлан Ормуковдун арызы түшкөндө канцеляриянын кызматкерлери техникалык ката кетирген. Ормуковго тийиштүү соттук материал автоматтык бөлүштүрүү системи аркылуу катталган. Техникалык катадан улам Ормуковдун иши создуктурулуп каралган", - деп жазылат маалыматта.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, техникалык ката кеткендиктен канцеляриянын бир кызматкери тартип жоопкерчилигине тартылды.

Эске салсак, 2-июлда Башкы прокуратура көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун мыйзамсыз камалышы боюнча Жогорку Соттун үч судьясына, Жогорку Соттун аппаратынын жана Бишкектин №1-СИЗОсунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: