super.kg logo

Өзгөн районунда кыз менен таанышууга келген жигитти сабагандардын бири камакка алынып, калганы үй камагына чыгарылды

 

Өзгөн районунда кыз менен таанышуу үчүн келген жигитти сабаган 7 баланын бири камакка алынып, алтоо үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Шектүү балдардын ичинен бирөө окуяны уюштурганы үчүн 2 айга камакка алынды. Ал эми калгандары үй камагына чыгарылган. Алар суракка келип жатышат. Эгерде тергөөдө күнөөлөрү аныкталса алардын арасынан да камакка алынышы мүмкүн. Бул окуя боюнча кылмыш ишине "опузалап акча талап кылуу" беренеси дагы кошулду", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, Ош облусунун Өзгөн районундагы айылдардын биринде кыз менен таанышуу үчүн келген жигитти 7 бала сабап салган. Окуя өзү 2-июнда болгон. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда шектүү катары 2 адам кармалган.

Айта кетсек, кызга келген балдарды айылдаштары сабаган окуя буга чейин март айында Ноокат районунун Гүлстан айылында катталган. Анда айылдык тургундар кыз-жигитти ур-токмокко алып, алардын ден соолугуна зыян кетирилген. Ал окуядан көп өтпөй аталган айылга кыз менен жолугуу үчүн келген 32 жаштагы адам сабалып, ал алган жаракатынан улам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.07.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канчанчы статья мн буларга иш козгоду
04.07.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки ай аздык кылат
04.07.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтоону сындырып туруп үй камагына кое бердиңер анан.Декларация толтурганда бир форумчу айтмакчы "итке минип"каласыңар.Закон иштебейт тартип жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: