super.kg logo

Мээрбек Мискенбаевге кылмыш иши козголгону тууралуу расмий маалымат таратылды

 

Бүгүн, 4-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Мээрбек Мискенбаев боюнча билдирүү таратты.

Билдирүүнүн толук тексти:

"Ушул жылдын 3-июлунда жергиликтүү маалыматтык порталында "Мискенбаев: Мага карата козголгон кылмыш иши – бул саясий куугунтук" деген аталышта макала жарыяланган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (мындан ары - ЭККМК) Мээрбек Мискенбаевдин бул жеке ою, объективдүү чындыкка туура келбей тургандыгын билдирет, анткени алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясий сыр жок. Бул иш боюнча "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин өкүлү М.Алыйкулова арызданган. "Айкөл Ала-Тоонун" мүчөлөрүнө социалдык жардам көрсөтүү үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын аталган коомдук бирикменин жетекчиси мыйзамсыз ыйгарып алгандыгы жөнүндө биринчи арыз 2016-жылдын июнь айында эле түшкөн, бирок белгисиз себептер менен кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Аталган жаран ушундай эле арыз менен республиканын укук коргоо органдарына 2016-жылы да кайрылгандыгын белгилеп өтсөк, ал кылмыш ишинин материалына бириктирилген. Ушул жылдын июнунда жаран М.Алыйкулова кайрадан ЭККМКга арыз менен кайрылгандыктан, баш тартуу материалы жокко чыгарылып, кылмыш иши козголду.

Президенттин тиешелүү жарлыгынын жана Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруу үчүн артыкчылыктуу түрдө мурун кыскартылган кылмыш иштерди, ошондой эле кызматтык, анын ичинде коррупцияга, мамлекеттик жана/же башка муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыштар боюнча кылмыш иштерди козгоодон баш тартуу жөнүндө чечимдерин текшерүү иштери жүрүп жатат, натыйжада азыркы убакта бир катар кылмыш иштери кайра жаңыланып, кайра кароо үчүн бир нече баш тартуу материалдар жокко чыгарылды", - деп айтылат кайрылууда.

Эске салсак, 2-июлда Мискенбаевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев: "Учурда Мээрбек Мискенбаевге айыбы угузула элек жана кылмыш иши козголгон токтом өзүнө да, мага да тааныштырыла элек. Мен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүсү менен сүйлөштүм, ал бул иш боюнча эч кимге эч кандай маалымат бербегенин айтты", - деген эле. Ошол мезгилде ЭККМК экс-депутат Мээрбек Мискенбаевге кылмыш иши козголгону же козголбогону боюнча маалымат берип, "Биз бул маалыматты четке да какпайбыз жана кылмыш иши козголгон деп да айта албайбыз", - деген.

Мискенбаев бул иш өзүнө карата саясий куугунтук экенин билдирип, "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын" деген сөздү айтканымдан кийин башталды" деп айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(23)
04.07.2018. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эми ХХХХХХХХХ корсотсо экен. Эки кун мурда капа болуп жатат эленго Мээриш
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-04 11:48:30
04.07.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушуну кутуп кайра-кайра сурап жаттын беле. Коркок биринчи муштайт болуп. Эми куса бер жегенинди.
04.07.2018. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Белгисиз себептер белгилуу эле да,
АШАнын арыгын чаап жургондо ким кылмыш ишин козгой алмак, анын баары айдан ачык
04.07.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Арбактардын аты менен депутат болду, ошолордун жесир-жетимдерине берилген көмүрдү жептир, Мегокомдон терпила болгону үчүн 200 миң сом айлык алып жүрдү. АШАга ишенип ушинтип жүрдү.Эми жооп бер. Кийиин тигил жактан чыныгы баатырларга да жооп береерсиң.
04.07.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Марипа Алыкулова, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюумунун башчыларынын бири: “Мискенбаевдин жоголгон миллиондорго түздөн-түз тиешеси бар”
2014-жылы Мээрбек Мискенбаев “Айкөл Ала-Тоо» коомунун төрагасы болчу. Демек ал миллиондорго түздөн-түз тиешеси бар. Учурда отчет бербей качып жүрөт. Менде бул тууралуу маалыматтар бар. Мискенбаевдин иштери укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө алынышы керек.
04.07.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-24
Сокени мактап, башкасын жамандап отура бергиле. Мээрбек оз оюн ачык билдирген учун Соке ага карата иш козгогула деп буйрук берип койду да.
04.07.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин дагы деле эркиндикте жүргөнүнө аң-таң болуп түшүнө албай жүргөндөр толтура. Неге дейсизби? Себеби, бул «эмгек китепчеси» «ЖК депутаты» деген жазуу менен башталган эрендин «Айкөл Ала-Тоо» аттуу коомдук бирикменин башында туруп алып, бир топ байлык топтоп алганын анын айлана-тегерегинде жүргөндөр жакшы билишет.
04.07.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pat12,Сокени мактаган эч ким жок, чындык гана айтылып жатат. Президентке коррупционерлер ушул Мискебаевдерди агытып, бут тосууда.
04.07.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мээриштин күнү бүткөн окшойт, же бир маанилүү сүйлөй албайт. Текшеришсин туура кылышат, камалса таң калбайм
04.07.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Сооронбай Жээебеков президент болгондон кийин, Асылбек Жээебеков депутат кызматынан кетиш керек. Мыйзам боюнча эки бир тууган жогорку саясий кызматты ээлегени туура эмес. Конфликт интересов. Мээрбектики туура.
04.07.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuri1,Экоосу эки башка бийлик бутагында иштейт жана экөөсүн тен калын эл шайлаган. Мындай мыйзам да жок. Эгер Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыра турган болсо Мискенбаевге окшогон 100 адам чыгат, убадасын аткарбай, антын бузуп мандатын тапшырды деп. Булардын планы ошондой.
04.07.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир убакта куудулдардын оозун жапкысы келгени менен коомчулукка заматта таанымал болуп чыга келген Мээрбек Мискенбаев деген депутат болгон. Ошол окуясынан көп өтпөй эле депутаттык мандатын өткөрүп берген. Ал ошол депутат болуп келгенге чейин эч кандай мамлекеттик кызматта иштебегени, алтургай “Эмгек китепчеси” да болбогону ашкере болгон. Анын “Эмгек китепчесиндеги” эң алгачкы тажрыйбасы дал ушул ЖК депутаттыгынан башталган.
bekmirzach түзөттү 2018-07-04 13:17:49
04.07.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жылдары куудулдар менен урушуп жургон Мээришпи бул, прическасы ошол мезгилде ХХХХХХ окшош беле.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-04 14:39:43
04.07.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаев катуу жанылдын. Сени досун сатып кетти.
04.07.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
i1urp,Сатып кетти дегенге негиз жок тууганым. Досу Атамбаевдин кара башынан бутундой кыргыз журтун бийик койду. Эгер Жээнбеков досун тандап аны менен кошо уурдай бергенде тарых алдында, келечек муун алдында жооп берип калмак. Муну билген президент мырза туура жолду тандады
04.07.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bazake,
Атамбаев болбогондо Жээнбековго эч ким шайламак эмес. Атамбаевдин созуно ишенип эл Сокени колдогон. Эми минтип Атамбаевдин кишилерин камап жатат. Максаты Атамбаевдин таасирин жок кылуу. Эл баарын билип турат.
i1urp түзөттү 2018-07-04 16:32:15
04.07.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мээрбек бир кезде куулулдар менен тартышып,сотко берем аягына чыгам,аягына чейин курошом деп эле кокурогун каккылап жаман эле болду элего ошол иштин аягына чыктыбы ыя?Аягы эмне болду?

Бала баатыр мына эми озунду коргош учун аягына чейин курош!Мактанбай эми жакшылап актан байкеси.
04.07.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башталды!
04.07.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Өзүнчө эле чооон саясий опонентко,мага саясий куугунтук болтат деп. Ит болду хит болду деп атып бул адамды такыр эле хит кылдынарго студияга чейин чакырып майек алып,артынан чуркап кабар алып. Бул ким өзү? Мегимче бул атамбаевге берилген аны туу туткан бир фанат.
04.07.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура,камалып эле кутулбай куссун
04.07.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куудулдарга тийишип, бизди 120 кой деди деп, Тынар Курбаналиевди камаш керек деп сайрап журуп озу камалганы калыптыр го,жарытылуу деле иш кылбай депутаттарын санын кобойтуп жургон бир депутат да бул, корсо миллиондорду сормой онору да бар тубайбы. Куудулдардын каргышы тийди бир болсо. Эми отурсун абакта,жакшы эле тайрандап алыптыр.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-04 16:57:27
04.07.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ушуну кормок
05.07.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Марипа Алыкулова, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюумунун башчыларынын бири: “Мискенбаевдин жоголгон миллиондорго түздөн-түз тиешеси бар”
2014-жылы Мээрбек Мискенбаев “Айкөл Ала-Тоо» коомунун төрагасы болчу. Демек ал миллиондорго түздөн-түз тиешеси бар. Учурда отчет бербей качып жүрөт. Менде бул тууралуу маалыматтар бар. Мискенбаевдин иштери укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө алынышы керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: