Президент Сооронбай Жээнбековдун жээн небересинин тушоо тою өтүп, ага таенеси катышты





Бишкектеги этнокомплекстердин биринде президент Сооронбай Жээнбековдун жээн небереси Алиаскардын тушоо тою өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган тойдо алып баруучулук милдетти алып барган "тамашоучу", актёр, тамада Самат Эркинбеков билдирди.
"Мага алгач телефон чалганда президентибиздин кызы менен күйөө баласы экенин билген эмесмин. Качан гана жолугушуп, тойдун жүрүшүн сүйлөшүүгө барганда той ээлери Бактыгүл айым менен Атабек мырза экенин билдим. Албетте, алар менен жолукканда толкундандым, бирок толкундоо көпкө созулган жок. Аябай жөнөкөй адамдар экен. Тушоо той 1-июлда "Супара" этнокомплексинде өтүп, ага 100дөн ашуун мейман келди. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков небересинин тушоо тоюна келе алган жок. Ал эми ханайымыбыз небересине жакшы батасын берип, сыйлуу конок болуп кетти", - дейт ал.
кошулду


Эл учун Сокенин катыны!!!
Кудай учун бир пенде, эч кимден айырмасы жок бир пенде...
Окунучтуусу, адам олгондо тойго айлантып жиберип жатышат, катар катар жылкы союп, олук комулбой жатып, бул жагынан майрамга, тойго айлантып, "ырас эле олдун" дегендей кылып... Бул уят, ото уят...
Окунучтуусу, бардык жерден динди издеген чала молдо дин бузарлар мындайда жоголуп кетет, чындыкты айтуучу жерде корунбой...
Алиаскардын омуру узун , келечеги кен болсун , бактылуу балалык каалайм !