super.kg logo

Ошто курулуш материалдарын саткан дүкөн өрттөндү

 

Бүгүн, 4-июлда Ош шаарында курулуш материалдарын саткан дүкөн өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, шаардагы Ленин көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөн өрттөнүп жатат деген маалымат эртең мененки саат 10:47 чамасында келип түшкөн.

Өрттү өчүрүү үчүн ӨКМнын Ош шаардык №12-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 бөлүм тартылган. Саат 11:38де өрт толук өчүрүлгөн. Жалпысынан дүкөндүн 150 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар жок”, - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: