super.kg logo

Балыкчы-Корумду жолунун курулушунда миллиондогон сомду мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды

 

Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун курулушунда акча каражатты мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келген келишимди түзүү, алдамчылык жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иши козголду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушунда консультациялык кызматтар үчүн каралган бюджеттик акча каражатты мыйзамсыз пайдалануу боюнча схема аныкталган. Бул схема Транспорт жана жол министрлигинин Жол чарба департаментинде болгон.

"2015-жылы 17-декабрда аталган департамент менен "К." консалтинг компаниясынын ортосунда консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзүлгөн. Бирок келишим мыйзам бузуу менен түзүлүп, 16 миллион 284 миң сомго жогору бааланган. Мындан улам департамент менен аталган компаниянын мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке ири суммада зыян келтирилген.

Учурда тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.07.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башталды...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: