"Аалам периси" сынагына биринчи жолу испаниялык трансгендер катышат






"Аалам периси" сынагына алгачкы жолу испаниялык трансгендер Ангела Понсе катышат. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, 26 жаштагы Ангела Понсе "Испания сулуусу-2018" сынагында 22 атаандашын артта калтырып, таажы тагынган. Жеңүүчү ушул жылдын ноябрь айында АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турган "Аалам периси" сынагына жолдомо алган. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү жазып, "Аалам периси" сынагына катышуу анын кыялы экенин билдирген.
Ал 2015-жылы сулуулар сынагына катышып, бирок барселоналык атаандашы Мирея Лалагунага жеңилип калган. Ангела Понсе эркек болуп төрөлгөн. Бирок жынысын бир нече жолу алмаштырып, 2014-жылы акыркы операциясын жасаткан.
Белгилей кетсек, мындан 6 жыл мурда дүйнөлүк сулуулар сынагына трансгендерлер катышууга уруксат берилген.










1 |