super.kg logo

СУПЕРСТАН: Сүйгөн кызыңар толук болсо, салмагына карабай үйлөнөт белеңер?

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жигиттерге толук кыздар жагабы? Ушул жөнүндө ой бөлүшөлү" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Саламатсыздарбы, урматтуу форумчулар? Темасы айтып тургандай эле толук кыздар жөнүндө сөз кылгым келди.

Бир колунан да, тилинен да, бардык жагынан төп келген аябагандай жакшы дос кызым бар болчу. Болгону аябай толук кыз эле. Бирок адам менен бат эле тил табышат, баары жактырат, тамакты да даамдуу жасачу. Көп эле жерде "тамакты сен жасачы" деп берип койчубуз. Ачык-айрым, жакпаган нерсени бетке айткан, тайманчу эмес. Кашы-көзү кара, жылдыздуу, кара тору келген кыргыз кызы. Балдар көбүнчө аны макташчу. Азыр эстеп кеттим, канча пайыз балдар толуктугуна карабай мамиле курган экен деп. Ал азыр 2 баланын энеси, жолдошунун сүйгөн жары болуп сонун жашайт. Сүйгөн кызыңар толук болсо, ага карабай үйлөнөт белеңер?" деген суроосун калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Балдар үйлөнгөнгө келгенде арыктыгына, ашыкча салмагына көп карабай калат окшойбуз. Жаш, өрт кезибизде фигурасы менен жүзүнүн сулуулугуна карасак, убакыт өткөн сайын ал оюбуздан кайтат экенбиз".

- "Өтө толуктар жакпайт деп ачык айта алгандай эле, ортодон жогорулар жагат деп ачык айта алам. Арыктар жакпайт".

- "Бизде дагы кошуна толук кыз бар, мүнөзү аябай жакшы, бирок жигити жок. Турмушка чыга турган убагы деле келип калган. Кыз издегендерге көрсөтсөм толук экен дешет. Иштин баарын жакшы жасайт, эркек жана аялдын иши деп бөлбөйт. Менин күйөөмө дагы толук айымдар жагат, арыктарды аябай жаман көрөт".

- "Менин салмагым 59 килограмм, көпчүлүк мени арыксың деп айтышат. Бирок жолдошум толук кыздарды жактырбайт. Бир аз салмак кошуп баштасам, балдарым дагы "апа бул көйнөгүңүздү кийбеңиз, боюнда барларга окшоп калат экенсиз" деп калышат.Толук болобу, арык болобу, эң негизгиси ден соолук болсун".

- "Автор, тема ачып, суроо берерден мурун ойлонуп көрдүңбү? Ар кимдин табити ар кандай, бирөөлөргө толуктар жакса, башкаларга арыктар жагат. Бирөөгө кара торулар жакса, калганына сарылар жагат дегендей. Кызыктай суроолорду бересиңер да".

- "Автор, толук кыздарды жактырбаш керек бекен? Же эмне, толук болсо эч бир эркек карабай, алар толукмун деп жалгыз өтүшү керекпи? Жеке мага курбуңду көрө албагандай сезилдиң".


Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
11.07.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Уйлонгом эле толугуна карабай уже арык чырай келин болуп калган арыктап так что суйсонор уйлоно бергиле.
11.07.2018. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Меники бардыгына төп келишкен жатсаң диванда диван.
12.07.2018. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baatirbek81,өзүнө айта аласыңарбы диван деп ((((((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: