super.kg logo
  Спорт  

"Дордой" командасы Өлкө кубогунун жарым финалында "Абдыш-Ата-2" командасын утуп алды

 

Бүгүн, 4-июлда Бишкек шаарында футбол боюнча Өлкө кубогунун жарым финалдык беттеши орун алды. Анда "Дордой" спорт комплексинде жергиликтүү "Дордой" жана канттык "Абдыш-Ата-2" командалары кез келишти.

Беттештин жүрүшүндө "Абдыш-Ата-2" командасы коргонууда көбүрөөк ойногону менен алгачкы болуп гол киргизди. Анда 28-мүнөттө Нурболот Ырысбеков таамай болуп, эсепти 0:1 кылганга жетишти. Арадан 2 мүнөт өтүп, Азиз Сыдыков айып аянтчага чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттап гол киргизди. 1-таймдын аягында канттык команданын оюнчусу айып аянтчада колу менен ойноп башкы калыс каршылашына пенальти тебүү мүмкүнчүлүгүн берди. Аны Ислам Шамиев аткарып, дарбазачыга тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.

Муну менен беттеш жыйынтыкталып, "Дордой" командасы жеңишке жетти. Эки команданын жооптук беттеши 18-июлда Кант шаарында орун алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: