super.kg logo

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын өкүлү интернетте "Баатыр эне" орденинин сатылышы боюнча пикирин билдирди

 

Орус интернет сайттарында Кыргыз өлкөсүндө көп балалуу энелерге ыйгарыла турган “Баатыр эне” ордени баштапкы баасы 8 миң рубль менен сатыкка коюлду.

Мыйзам боюнча мамлекет тарабынан берилген орден же медалдар сатылбашы керек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президентке караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын жоопту катчысы Жылдыз Саманбаева билдирди.

Мамлекет тарабынан берилген ордендин сатылышы, албетте, өкүнүчтүү. Сатылып жаткан ордендин номери 600 экен. Демек, ал 1990-жылдан 2000-жылдарга чейин берилиши мүмкүн. Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө мыйзамдын 26-беренесине ылайык, мамлекет тарабынан берилген ордендерди сатууга болбойт, ошондой эле өз алдынча жасоого да тыюу салынган”, - деди Жылдыз Саманбаева.

Айта кетсек, өлкөдө 7 же андан көп баласы бар жана аларды багып, тарбиялаган энелер "Баатыр эне" ордени менен сыйлана алышат. 7 баласынын бири сот жообуна тартылган энелер "Баатыр эне" ордени менен сыйлана алышпайт. Балдарынын бири сот жообуна тартылып, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесине ылайык, соттуулугу жоюлган болсо, анда ал эне "Баатыр эне" ордени менен сыйлана алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: