Ысык-Көлдүн Тамга айылында гиря көтөрүү спорту боюнча эл аралык мелдеш башталды
Бүгүн, 27-июнда Коргоо министрлигинин “Тамга” аскер санаторийинде (Жети-Өгүз районунун Тамга айылында) КМШга мүчө мамлекеттердин достук армиясынын гиря көтөрүү спорту боюнча мелдеш башталды. 26-июнда мелдешке катышуучу Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Украина мамлекеттеринен 40тан ашуун спортчу аталган санаторийге келип түшүштү. Мелдеш гиряны силкип көтөрүү жана жулкуп көтөрүү ыкмаларында 7 салмактык категорияда өткөрүлүп, бир күн ичинде чемпиондор аныкталат. Эске салсак, мелдешке аталган 4 өлкөнүн аскердик кызматкерлери гана катышышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

