super.kg logo

Азамат Жаналиев Сооронбай Жээнбековдун мык жана жиптен тартылган портретин бир аптадан бери сата албай жатат

 

Президент Сооронбай Жээнбековдун мык жана жиптен тартылган портрети сатыла элек. Бул тууралуу аталган портреттин автору Азамат Жаналиев билдирди.

Анын айтымында, сүрөттү ишембиге чейин сатыш керек болууда. "Адамдар бул портреттин баалуулугун түшүнбөй жатышса керек. Бир күнү бул чыгарма миллиондогон суммага бааланат. Аны азыр сатып алган адам кийин "арзан баада алган экенмин" деп айтат. Эгер 2500 долларга сатсак, 10 пайызын мага сатууга жардам берген адамга берем", - деди сүрөтчү.

"Айрымдар мени мык жана жипти сатууда деп ойлоп жатышат. Бирок андай эмес. Залкар жазуучулар тамгалар менен кагаздарды, скульпторлор ылай же колону сатышкан эмес да. Эгер искусствону баалабасак, биз тирүү, бирок өлүк адамдардай болобуз.

Жээнбековдун портрети мен үчүн өзгөчө баалуу. Анда үмүт, сүйүү жана адилеттүүлүк камтылган. Анда кыргыз элинин бириккени, биримдиктин жана ынтымактын символу бар. Бул сүрөт бизди өлкөнүн жаркын келечеги үчүн биригүүгө чакырат", - дейт Жаналиев.

Айта кетсек, 29-июнда сүрөтчү Азамат Жаналиев президент Сооронбай Жээнбековдун мык жана жип менен тартылган портретин сатыкка койгонун билдирген.

Буга чейин ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун үстүнөн УКМКга арыз жазган. Ал 2017-жылы Илмиянов андан Атамбаевдин портретин 10 миң долларга сатып алып, 2 миң 500 долларды аванс катары берип, калганын бербей койгонун айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(45)
05.07.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
менимче окшошпой калган...
05.07.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Arzu.kg,Такыр окшошпой калган. Бул бала начар жолго тушуп алыптыр, белгилуу адамдардан акча сындырып.
05.07.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Окшошпой да калган анан бироо бул жигиттен портрет да албайт эми. Жакшы эле популярдуулугун корсотту элге
05.07.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-24
Окшошуп эле турат нормально тартылган
05.07.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Алган адам да ойлонуп алатта, 6-жылдан кийин журбосун 10000$ баалап 2500 берген бойдон жок деп.
05.07.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
kazakov1991,Туура айтасын.
05.07.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Сурот жакшы чыккан, бирок карыз алып кылганы туура эмесго. Рамзанга велосипед менен барып убара болду элего былтыры, Рамзан суйунуп Мерс GL450 бере коёт деп атайын велосипед менен барган эле. Ал да кечирииип гана кой деп жолукпай койгон тазза эле.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: