ЖЫЛНААМА, 9-ИЮЛЬ: "Бригада" тасмасындагы Космостун ролу аркылуу атактуулукка жеткен актёр Дмитрий Дюжев 40 жашка чыкты
Үй-бүлөсү менен
Орусиялык актёр Дмитрий Дюжев 40 жашка толду. Ал 1978-жылы 9-июлда Орусиянын Астрахань шаарында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен эле киного тартылганды жакшы көргөндүктөн, ата-энеси аны атайын өзгөчө таланттуу балдар окуган мектепке киргизишкен. 1995-жылы мектепти, андан кийин Москвадагы театралдык институтту ийгиликтүү аяктаган соң жаштар театрына алынган. Дмитрий Дюжев 2000-жылы Александр Атанесяндын "24 саат" ("24 часа") тасмасында дебют жасаган. Ал эми актёрго атактуулукту "Бригада" тасмасындагы Космостун ролу алып келген.
2008-жылы 14-февралда актёр Татьяна Зайцева аттуу күйөрман кызына үйлөнгөн. Экөөнүн ортосунда 2 жана 9 жаштагы эки уулу бар.
9-июлга карата жылнаама.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-11-07
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
5
5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















