super.kg logo

Баткен ОИИБи: "5 ай ичинде 9 өспүрүм сууга чөгүп каза болду"

 

Баткен облусунда акыркы 5 айда 9 өспүрүм сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматкери билдирди.

Маалыматка ылайык, сууга чөгүү боюнча Кадамжай районунда 4, Лейлек районунда 3 жана Баткен районунан 2 факты катталган.

"Милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жаз алды менен жер-жерлердеги бассейндерге, көлдөрдү иштеткен жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Мындан сырткары каналдарга, көлмөлөргө негизи эле суу аккан объекттерге коопсуздук жаратпаш үчүн атайын тосмолорду, эскертүү баннерлерин коюу боюнча суу чарба башкармалыктарына 16 жолу кайрылууларды жөнөткөн. Бирок, тилекке каршы, бул сууга чөгүү фактылары ата-энелердин кайдыгер жасаган мамилелеринен келип чыгып жатат. Биз ар бир фактыны иликтеп чыкканыбызда, ата-энелер балдарды кароосуз калтыргандыктан ушундай көрүнүштөр катталып жатат", - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: