Суарес, Погба, Неймар, Азар.... Бүгүн Уругвай-Франция жана Бразилия-Бельгия беттештери орун алат

Бүгүн, 6-июлда жана 7-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чыккан командалардын оюну уланат. Анда жарым финалга чыгуу үчүн Уругвай-Франция жана Бразилия-Бельгия курамалары беттешет.
Уругвай-Франция беттеши кечки саат 20:00дө башталат. Оюн Төмөнкү Новгород шаарынын "Төмөнкү Новгород" стадионунда өтөт.
Бразилия-Бельгия курамалардын беттеши облсо 7-июлга караган түнү саат 12:00дө орун алмакчы. Бул беттеш Казань шаарындагы "Казань Арена" стадионунда өтөт.
Уткан командалар жарым финалда бири-бири менен бет келишсе, утулганы чемпионат менен кош айтышат. Ал эми эртең Орусия-Хорватия жана Швеция-Англия курамалары жарым финалга чыгуу беттешет.
Белгилей кетсек, 2018-жылкы Дүйнө биринчилиги күтүүсүз жана кызыктуу окуяларга бай болууда. Алгачкысы Германиянын плей-оффко өтпөй калганы болсо, эң негизгиси Орусия курамасы Испанияны жеңип, чейрек финалга өткөнү болду.

Бразилия менен Франция женип чыгат го дейм. жеке гана божомолум. оюн чечет
Бразилия Уругвай