Бишкектин көчөлөрүндөгү жол чуңкурлары боёлду
Бул суроттон ар ким өзү каалаган аткаминерди көрсө болот


Бул суроттон ар ким өзү каалаган аткаминерди көрсө болот

Боёлгон аңдардан айдоочулар алыс өтүп жатышты

Активисттер кызуу иштөөдө

Шаар жолдорундагы аңдар боёлду

Шаар жолдорундагы аңдар боёлду
27-июнда Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү жол чуңкурларын шаар активисттери боёп чыгышты. Бул тууралуу акциянын уюштуруучусу Айбек Баратов билдирди. “Айдоочуларга тоскоолдук жаратпайлы деп жумушту таң эрте баштадык. Айдоочулар алыстан жолдо чуңкур бар экендигин көрө ала тургандай кылып ак боёк менен белгиледик. Ал эми жол бетине тартылган адамдын элесинен ар ким өзү каалаган аткаминерин элестетип алса болот. Биз атайлап бирөөнү тарткан жокпуз. Социалдык тармактын жардамы менен 10 миң сомго жакын каражат чогулттук. Алдыда бул сыяктуу иш-чараларды дагы уюштуруп турмакчыбыз”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

