Кыз ала качкандарга жазаны күчөткөн мыйзам даярдалды
Ички иштер министрлиги кыз ала качкандардын жазасын күчөткөн мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилмекчи.
17 жашка жете элек адам менен иш жүзүндө никелик мамилеге өтүүгө мажбурлагандарга 300 миң сомго чейин айып пул салып, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. Азыр иштеп жаткан мыйзам боюнча мындай аракеттерди жасагандарга 10-50 миң сом айып пул салынат же 2 жылга чейин түзөтүү иштерине тартылат же 2-5 жылга чейин эркиндиги чектелет.
Мындан тышкары никелик мамилеге өтүү үчүн 17 жашка жете элек адамды ала качкандарга 200 миң сомго чейин айып пул салып, 5-10 жылга чейин эркинен ажыратуу демилгеленүүдө. Азыркы мыйзам боюнча кыз ала качкандар 5-10 жылга гана кесилет.
Ошондой эле аялды никеге турууга же никелешип чогуу жашоону улантууга мажбурлаганда же никелешүү үчүн анын эркине каршы ала качканда, ошого тете аялдын никеге турушуна тоскоолдук кылганда жаза 200 миң сомго чейин айып пул салуу же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу деп өзгөртүлмөкчү. Азыркы мыйзам боюнча бул ишке барган адамга 10-20 миң сомго чейин айып пул салынат же 5 жылга чейин анын эркиндиги чектелет.


и камоогода көбүрөөк убакыт берүү керек, биздин жаш кыздар оюнчук эмесда любой момент бирөөнүн тагасы байке чиновник же иим дин бир кычыгында иштеселе эптеп алып качып ишти жапты жапты кылбай.
ырас сунуштап жатасыңарбы көбөйткүлө сумманы и жаза мөөнөтү..
ала качуу ал кылмыш да...
кыздыгы жок кыздарга кыйын болду.
Кыйкырып кочо кезип коп эркектер,
Кыз таппай кыркка чыгып олчу болду....