super.kg logo

Гуламжан Анарбаев Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды (өмүр баяны)

 

Гуламжан Анарбаев Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу 6-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин бул кызматты аркалап келген Айбек Кадыралиев аркалап келген. Ал 3-июлда кызматтан кеткен. Анарбаев өкмөткө караштуу мамлекеттик материалык резервдер фондунун төрагасы болуп эмгектенген.

Гуламжан Анарбаев 1967-жылы 23-июлда Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында туулган. Ал 1997-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.

1990-1991-жылдары Ош облусундагы областтык аткаруу комитетинин Ички иштер башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматында биринчи ротанын милиционери;

1991-1992-жылдары Ош облусунун ИИБдин баңгизатына каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн кичи инспектору;

1992-1993-жылдары Ош облусунда ИИМдин Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыкта опер кызматкердин жардамчысы;

1994-1995-жылдары ИИМдин Ош облусундагы Экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын ага опер кызматкери;

1995-1998-жылдары ИИМдин Ош облусундагы Экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын бөлүмүнүн опер кызматкери

1998-2000-жылдары Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактар аралык башкармалыкта опер кызматкери;

2000-2001-жылдары Жалал-Абад облусу боюнча уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү бөлүмүнүн опер кызматкери;

2001-жылы Жалал-Абад облусу боюнча уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча ага оперкызматкери

2001-2002-жылдары Ош облусундагы түштүк аймактык уюшулган кылмыштуу жана экстремисттик топторго каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын ага опер кызматкери;

2003-2005-жылдары ОШ ОИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы;

2006-2007-жылдары Ош боюнча Каржы полиция кызматынын бөлүм башчысы;

2007-2008-жылдары Ош боюнча Каржы полиция башкармалыгынын башчысы;

2008-2010-жылдары Каржы полиция кызматынын башчысы;

2010-жылы Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик каржы полициясы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2010-жылы Мамлекеттик каржы полиция кызматынын каржы жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын башчысы;

2011-2012-жылдары Коррупцияга жана уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча башчысынын орун басары;

2012-жылы Баңги заттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

2016-жылдан тарта өкмөткө караштуу мамлекеттик материалык резервдер фондунун төрагасы болуп эмгектенген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.07.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буга чейин бул кызматты аркалап келген Айбек Кадыралиев аркалап келген.
Супер силердин оюнарча туура жазылганбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: