super.kg logo

Өзбекстанда коңшусун өлтүрүп качып жүргөн жаран Кыргыз өлкөсүнөн кармалды

 

Өзбекстанда адам өлтүргөн жаран Кыргыз өлкөсүнөн кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү жаран ушул жылдын 13-июнунда саат 20:22 чамаларында кармалган.

"Өзбек Республикасынын Фергана облусунун Богдод районунун Утарма айылынын 28 жаштагы тургуну М.Э. Кыргыз Республикасынын кайтаруудагы мамлекеттик чек арасынан эч каттоосуз өтүп, Баткен облусундагы айылдардын биринде жүргөн жеринен кармалган. Баткен РИИБинин кызматкери Эркибек уулу Бекболот кармаган. Шектүү менен сүйлөшүп, текшерүү иштерин жүргүзгөндө, Мелибаев Нурали эртең менен өзүнүн кошунасы менен пикир келишпестиктерден улам ага бычак сайып өлтүрүп, окуя болгон жерден Кыргыз Республикасына мыйзамсыз качып чыккандыгын билдирген. Баткен РИИБи бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин билүү максатында текшерүү үчүн коңшулаш Өзбек мамлекети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө М. Э. Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Богдод РИИБи тарабынан 13-июндан бери өзгөчө оор кылмышты (адам өлтүрүү) жасагандыгы боюнча изделип жаткандыгы аныкталган. Азыркы күндө Баткен районунда Мелибоев Нурали Эркинжондун үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоо жайына киргизилди" , - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
07.07.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Чек ара ачык,лолусу деле,качкыны деле,кылмышкери,террористери деле самсаалап кирип жатат да.Жабыш керек чек араны!
07.07.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
asman.81, туура айтасыз ачык жатат го чек ара чиновниктер болсо уурдагандын ичинде
07.07.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизде чондор чек араны жапканга чейин оздорунун напсин тыйып чек араны бекмдеш керек элди суйлошот да жардамы жок тажикистан озбекистан кирип келсе оной эле чек олкого качып чыгып кетишсе керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: