Бишкекте жүк ташуучу унаа 7 жаштагы баланы сүзүп, ал каза болду
Бишкекте жүк ташуучу унаа 7 жаштагы баланы сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 6-июлда болгон.
"Аламүдүн районунун Озерное айылынын көчөсүндө ЗИЛ унаасы жолдо өтүп бара жатканда 7 жаштагы аталган айылдын тургуну жолго чыга калган. Мындан улам унаа өспүрүмдү сүзүп кеткен. Оор жаракат алган бала окуя болгон жерден жан берген. Ал эми айдоочу 38 жаштагы аталган айылдын жашоочусу болгон. Учурда жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери башталды", - деди аталган башкармалык.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
senchi

07.07.2018. 12:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун, айдоочулар акырын эле жургулочу сураныч. Кунуно адам омуру кыйылып жатат. Кечее барсын, бугун жок. Эх
Jakjakynas

07.07.2018. 15:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактай кор тооба тооба куру кырсыктан асырай жур аллах
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.